15:01, 28 март 2024 Бш

Сапатсыз окуу китептери кантип мектеп окуучуларынын жоголгон муунун жаратууда?

Сапатсыз окуу китептери кантип мектеп окуучуларынын жоголгон муунун жаратууда? — Today.kg

Жыл сайын мектеп окуучуларынын ата-энелери балдарынын сабактарына жардам беришип, окуу китептериндеги грамматикалык, логикалык жана башка ар кандай каталарды көрүшүп, таң калышат. Билим берүү тармагындагы бул "бүргөлөрдөн" ансыз да бардыгы тажап бүттү. Эмне үчүн "жакшы, түбөлүктүү жана акылга сыярлык" боло турган китептер, жаңы муундун аң-сезиминде башаламандык жаратууда? Буга ким күнөөлүү? Кыргызстанда мектеп окуучулары үчүн сапаттуу, эң башкысы акылга сыярлык окуу китептерин чыгарса болобу? Тилекке каршы, бардыгы биз ойлогондон бир топ татаал болууда.

Балдарга карата психикалык зомбулук

Союз убагында мектеп окуучулары үчүн окуу китептерин чыгаруу КПСС Борбордук Комитетинин деңгээлинде көзөмөлгө алынган. Бул түшүнүктүү болчу. Анда китептер идеологиялык курал болуп, партиянын жалпы багытын ишке ашырган. Кыргызстанга окуу китептери ошол кездеги 15 республиканын борборлору сыктуу эле борбордоштурулуп жеткирилген. Фрунзе шаарында кыргыз тили жана кыргыз адабияты боюнча гана улуттук китептер даярдалганы менен Москванын көзөмөлү аркылуу жүргүзүлгөн.

Кыргыз мектептери үчүн окуу китептери толук которулган. Ушул кезге чейин айрым "советтик" окуу китептери сакталып калган жана колдонулуп келет.

Келгиле, кыргыз китеп басмасындагы ошул мезгилди “Советтик” деп атап коёлу.

СССР кулагандан кийин, анын курамындагы Союздук республикалар өздөрүнүн окуу китептерин түзүшү керек болду. Ал үчүн жаңы системаны түзүү, ал тургай бул жаатта масштабдуу реформа жүргүзүү керек эле. Тилекке каршы, ал кездеги чиновниктер глобалдык милдетти түшүнүшпөдү же түшүнгүсү да келген жок.

Ошол мезгилде Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин алдында Педагогика институту иштеп, анын алдында квалификацияны жогорулатуу курстары болгон. Бул мекеме кыйыр түрдө китеп басып чыгаруу менен байланыштуу эле. Ошого карабастан, терең ойлонбостон туруп, ал Кыргыз билим берүү академиясына (КАО) айланып, окуу китептерин түзүү милдети жүктөлгөн.

Алар, "Кыргызстандын тарыхы", "Кыргыз тили" (орус тилдүү мектептер үчүн) жана башка ушул сыяктуу сабактардын окуу куралдарын нөлдөн баштап түзүшү керек болчу. Мындай фундаменталдуу эмгектерди биздин илимпоздор жазышы керек эле.

Эч нерсени ойлонбой туруп эле "Мекен таануу" сабагын “Табият таануу” деп өзгөртүштү. Анан "Адеп" (Этика) сабагын киргизишти, бирок эмнегедир аны орусчага которушкан жок. Көптөгөн окуу китептерин жергиликтүү авторлор жазышы керек болчу.

Кыргыз билим берүү академиясы (КАО) окуу китептерин стандарттарга, илимий мүнөзгө, фактылардын шайкештигине экспертиза жүргүзүү жана апробациядан өткөрүү боюнча иштерди сабаттуу уюштурушу керек эле. Бирок, KAO өздөрүнө тиешелүү милдеттерден тышкары дагы милдетти: ал эксперттик функцияларды гана эмес, автордукту да өзүнө алды. Башкача айтканда, алар окуу китептерин өздөрү жазып, өздөрүн өздөрү текшере башташты. Нонсенс.

Кыскасын айтканда, окуу китептерин текшерүү процесси биология китебиндеги “инфузория туфелькадай” примитивдүү болгон. КАО лабораториясы окуу китеби боюнча корутунду чыгарып, аны ар кандай тармактагы 20дан ашуун эксперттери бар Илимий кеңешке өткөрүп беришет.  Кызыгы: “химик кантип кыргыз тили боюнча баа бере алат?”- деген таң калыштуу суроо жаралган менен бардыгы жайында болчу. Урматтуу агалар жана эжелер хор менен макулдугун беришчү. Себеби, окуу китептеринин авторлору өздөрүнүн кесиптештери эле да.

Ошентип, илимий кеңештин “батасын” алган окуу китептери мектептерге таратылды. Бирок, андагы грамматикалык каталар, логикалык карама-каршылыктар жана кашкайган абсурддук ата-энелердин оозун ачырса, мугалимдер жакасын кармашты.

Мисалы, 3-класстын математика боюнча окуу китеби балдарга мүнөздүү эмес муун менен айырмаланат. Авторлордун эмне айткысы келгендигин академик да түшүнүшү мүмкүн эмес. Ушундан улам орус тилдүү мектептер мындай "белектерден" баш тартууга аргасыз болушкан. Ал эми Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги, окуу китептери жок болгондуктан, аргасыздан орус тилдүү мектептерге Россиянын китептерин колдонууга уруксат берди.

Бирок Россиянын окуу куралдарын жок дегенде өзүбүзгө ылайыкташтыруу керек болчу. Алардын көпчүлүгүндө "Менин Мекеним - Россия", "Менин Президентим - Путин" деген сүйлөмдөр орун алган. Ушундан улам ар кандай түшүнбөстүктөр, жаңжалдар болгон.

Россиянын окуу китептери Кыргызстанга гуманитардык жардам катары келген. Аларды кыргыз мектеп окуучулары жарым-жартылай мыйзамсыз колдонушкан. Ошондо, мурдагы Билим берүү министри Эльвира Сариева Москвага барып, китептерди мыйзамдуу түрдө колдонуу боюнча макулдашып келген.

2010-жылы Кыргызстан Россиядан гумантитардык жардам иретинде келген окуу китептерден баш тарткан. Бул мезгилди кыргыз билим берүү тармагындагы “Россиянын окуу китептеринин доору” деп атасак болот. Бирок, орус тилдүү мектептер дагы деле болсо Россияда чыгарылган окуу китептерин колдонушат.

Чет элдик илимпоздордун эмгектерин пайдалангандыгыбызга байланыштуу, Кыргызстанда окуу китептерин басып чыгаруу үзгүлтүккө учураган жок деп айтышыбыз керек. Бул жерде бир нече мисал келтирели.

2010-жылы мамлекет 1-класстарга жаңы окуу китептерин чыгарган. Анан, 2012-2013-жылдары 2-класстар үчүн окуу китептерин чыгаруу мезгили келип, алар апробациядан өтпөй, жөн эле “жыйылып” калган. Андан кийин 3-4-класстар үчүн окуу китептери донорлордун эсебинен чыгарылды. Анын үстүнө ар бир предмет жана ар бир класс үчүн окуу куралдары ар башка авторлор тарабынан даярдалган.

Тагыраак айтканда, бала биринчи класска барганда, жаңы стандарт боюнча окуган. Экинчи класста балдар эски окуу китептерин колдонуп окушкан. 4-класста кайрадан жаңы стандарт менен. Бешинчи класста эски окуу куралдары менен, 6-7-класстарда кайрадан жаңы стандарт, ал эми 9-класста бардыгы эски стандартка кайтышты.

Мектеп үчүн окуу китептерин басып чыгаруудагы мындай башаламандык жана шалаакылык мектеп окуучуларынын психикасына терс таасир калтырды. Бул кырдаалды жазуучу Лев Толстойдун: “балдардын аң-сезиминде бардыгы чаташып жатат” деген сөзү менен мүнөздөсөк болот.

Учурда балдарга карата зомбулук жөнүндө көп сөз кылабыз. Ал эми мамлекет бир нече жылдан бери балдарга психикалык зомбулук көрсөтүп келгенин айтпайбыз. Натыйжада, мамлекеттик мектептерде билим берүү деңгээли кескин түшүп кеткени таң калыштуу деле эмес. Ошондуктан, ата-энелер балдарын жеке мектептерге бере башташты. Сыягы, ал жакта чет элдик методиканын негизинде түзүлгөн билим берүү программалары өзгөрбөсө керек.

Лена менен Коляны Айсулуу менен Актанга алмаштырышты

Кыргызча окуу китептеринин доору качан келет? Бул жөнөкөй суроого чиновниктер 30 жылдан бери жооп бере алышкан жок.

Кыргызстан эгемендүүлүктүн башталышында эле чет өлкөлүк окуу китептеринен түп тамырынан баш тартып, мектептерди камсыз кылуу тутумун түзүшү керек болчу.

Демек, КАОнун аракети ийгиликке жеткен жок. Жолдош Жебраил айтмакчы: "Сиздерге көрсөтүлгөн чоң ишенимди актай алган жоксуңар!".

2018-жылдагы окуу китебиндеги ызы-чуу биздин чиновниктердин алсыздыгынын туу чокусу болду. Эске салсак, мектептердин миңдеген нускадагы окуу китептери грамматикалык гана эмес, мазмундуу дагы одоно каталар менен басылып чыккан.

Журналисттер “кыйратуучу” сын макалаларды массалык түрдө жазышты.  Билим берүү министрлиги, басмаканалар, окуу китептеринин авторлору, Билим берүү академиясы - алардын бири дагы жоопкерчиликти бири-бирине жүктөп, күнөөсүн мойнуна алышкан жок. Бирок бардыгы тең мектеп басмасында көптөн бери көңүл бурулбай келген көйгөйлөр топтолгонун моюнга алышты.

Билим берүү министрлигинин жетекчилиги ойгонуп, окуу китептерин басып чыгарууну реформалоонун үстүнөн иштей баштады. Жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу-методикалык комплексти тандоо жөнүндө жобо кабыл алынып, "Окуу китеби" республикалык илимий-педагогикалык борбору түзүлгөн. Аталган борбор жөнүндөгү жобого ылайык, окуу китептеринин авторлору өздөрүнүн жараткан эмгектерине экспертиза жүргүзө алышкан жок. Ошондой эле, бардык жаңы окуу китептери экспертизанын 4 түрүнөн, анын ичинде окутуучулардын апробациясынан өтүшү керек.

Башкача айтканда, бир нече жылдан бери жалпы команда иштеп келген негиздүү документ түзүштү. Ошону менен иштей бериш керек эле. Жок! Кыясы, Билим берүү министрлигинин чиновниктерине, муну жасоо чыдагыс кыйынчылык жаратты окшойт.

Мисалы, "2020-2021-окуу жылга карата билим берүү уюмдарына пайдалануу боюнча сунуш кылынган окуу китептеринин тизмесине" кандайдыр бир себептерден улам, мамлекет тарабынан белгиленген катуу электен өтпөгөн бир катар окуу китептери киргизилген.

Кыргызстанда орусиялык кесиптештер менен кызматташкан жана чет элдик окуу китептерин адаптациялоо менен алектенген басмаканалар бар деп айтуу керек. Алсак, Кыргызстанда математика боюнча окуу китеби М.И.Моронун авторлугу менен берилди.

Айрым математика мугалимдери жана окуучулардын ата-энелери адаптацияланган математика китептеринде көптөгөн каталарды байкашты. Көрсө, эч кандай адаптация болгон эмес экен. Болгону, алар Лена менен Коляны Айсулуу менен Актанга алмаштыруу менен гана чектелишикен. Ошол эле учурда, окуу китебинин адаптацияланышы башканы болжолдойт.  Биринчиден, китепте улуттук идеология чагылдырылышы керек эле. Бирок, бул жасалган эмес.

Маселен, кыргыз тилиндеги математика китебиндеги одоно каталардын бири “Ким?” деген суроо жаныбарларга байланыштуу берилген. Кыргыз тилинде “Ким?” деген суроо адамдарга карата гана берилет, ал эми жаныбарларга жана канаттууларга "Что?" (Эмне?) деп берилиши керек болчу.

Мына ушул окуу китеби кандайдыр бир керемет себептер менен, Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясы тарабынан бекитилбестен жана "Сунушталат" деген грифи жок эле сунуш кылынган окуу китептеринин тизмесине киргизилген. Ал турсун, басылып чыгып, китеп текчелеринде сатылууда.

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилбеген окуу китептери эмне үчүн сунуш кылынган окуу китептеринин катарына киргизилгенин болжолдоо кыйын. Албетте, бул жерде эч кандай алдын ала макулдашуу же коррупция жок. Бул чиновниктин күнөөсүз катасы экендиги шексиз. Бул боз түстөгү окуу китептерин биздин мектептер сатып алышып аны менен бүтүндөй балдарды окутушууда деп айтышууда. Бул деле калп сөз болсо керек.

Дагы бир маанилүү суроо - эмне үчүн алар орусча окуу китептерин адаптациялоону токтотушпайт? Такыр болдоду дегенде, биз башка өлкөлөрдүн алдыңкы китептерин адаптациялай алабыз. Башкача айтканда, эң жакшысын тандап алып.

Ушундай башаламандыктардан улам Кыргызстанда жакшы авторлор, эксперттер жок, биздин мамлекет сапаттуу окуу китептерин түзүүгө жөндөмсүз деген жасалма таасир жаралууда.

Ошол эле учурда, Кыргызстан улуттук окуу китептеринин түзүүгө эбактан бери даяр. Биздин идеологиябызды, өзгөчөлүгүбүздү, тарыхыбызды чагылдырган, балдарыбыздын патриоттуулук, Мекенибизге болгон сүйүү сезимдерин ойготкон мыкты улуттук окуу китептерин түзө ала турган таланттуу авторлорубуз бар.

Укук таануу көз карашынан алганда...

Бул процесстерде Билим берүү министрлигинин ролу чоң. Министрлик ушул чөйрөдөгү жасалып жаткан иштерди чаржайыт таштап койбостон тартиптин жана мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөп турууга милдеттүү.

Бизде буга чейин бардыгы “бармак басты көз кысты” принцибинде жүргүзүлүп келген. KAOну эстесеңиздер. Бүгүн да Билим берүү министрлиги бардык процесстерди көзөмөлдөбөйт. Министрликтин окуу китептерин чыгаруу сектору эмне менен алектенип жатканы коомчулукка такыр түшүнүксүз. Мектептерге методикалык жардам берилбейт. Мугалимдер окуу китептеринен маалымат алышпайт. Натыйжада, кайра эле баягы “тамак эмес табагын таба албаган” абал жаралат.

Дүйнө жүзүндө мектептерди сапаттуу окуу китептери менен кантип камсыз кылууну эбактан бери эле билишет. Бул жерде велосипедди кайрадан ойлоп табуунун кажети жок. Маселен, басмаканалардын арасында атаандашуу процесси кадимкидей жүрүп жатат. Алар авторлорду өз алдынча тандашып, өздөрү жазып, өздөрү даярдашууда. Андан кийин өздөрүнүн окуу китептерин Билим берүү министрлигине беришет. Мамлекеттик эксперттер текшерүү жүргүзүшөт. Андан соң окуу китеби бир жылга апробацияга жөнөтүлөт: мугалимдер өз сунуштарын жазышат. Акыры аягында министрликтин коллегиясы өздөрүнүн "Сунушталат" деген грифин берет. Ар бир окуу куралына баллдык баа коюлат. Эгерде балл жогору болсо, анда мамлекет китепти сатып алса болот. Калгандарынын бардыгы эркин сатууга коюшат.

Билим берүү министрлиги көйгөйдү чечүү үчүн эмне иш кылып жаткандыгын жана андагы адистердин логикасын түшүнүү үчүн, биз КР Билим берүү жана илим министрлигинин китеп басып чыгаруу секторунун башчысы Эрнар менен маектештик:

- Бүгүнкү күндө окуу китептерине экспертиза кандай жүрүп жатат?

- Буга чейин окуу китебин басып чыгарууда КАО тарабынан экспертиза жүргүзүлүп келген. Өткөн жылы КАО кайрадан түзүлүп, андан “Окуу китеби” мекемеси өзүнчө бөлүндү. Азыр алар окуу китептеринин жана окуу-методикалык комплекстердин экспертизасын жүргүзүп жатат. 2021-жылдын январь айында жаңы талаптарга ылайык иштелип чыккан жаңы жобо бекитилип, документте экспертизанын жана апробациянын үч түрү камтылган.

Жол-жобосу төмөнкүчө: авторлор же басмакана Билим берүү жана илим министрлигине окуу китептерине жана окуу-методикалык комплекстерине экспертиза жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылышат. Эгерде бардык документтер туура болсо, анда Билим берүү жана илим министрлигинин китеп басып чыгаруу сектору коррупцияны четтетүү максатында шифрленген түрдө «Окуу Китебине» экспертизага жөнөтөт.

Андан кийин алар министрликке апробацияга сунуш кылуу же кылбоо тууралуу документ жөнөтүшөт. Эми апробацияны пилоттук мектептер эмес, тандалган, сертификатталган мугалимдер жүргүзүшөт. Мугалимдин апробациясынан жана корутундусунан кийин “Окуу китеби” Билим берүү жана илим министрлигине аталган окуу китебин Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында колдонууну сунуш кылат. Министрдин буйругу менен Билим берүү жана илим министрлигинин грифи берилет. Окуу китеби сунушталбаган басмакананын апелляциясы дагы каралат.

- Билим берүү министрлигинин грифи коюлган гана окуу китептер мектеп окуучуларынын берилиши керекпи? Сунуш кылынган окуу китептеринин тизмеси кандайча түзүлөт?

- Буга чейин стандарттарга шайкештиги боюнча экспертиза жүргүзгөн КАО өзүнүн илимий кеңешинде жылына бир жолу колдонууга сунуш кылынган окуу китептеринин тизмесин түзүү боюнча чечим кабыл алышчу. Билим берүү жана илим министрлиги КАОнун катынын же протоколунун негизинде бул тизмени бекитчү. 2020-2021-жылдарга тизме ушул процедурага ылайык жүргүзүлгөн. Учурда, экзамендин жол-жобосу өзгөргөндүгүн эске алып, биз окуу китебин тизмеге киргизүүнүн процедураны карап жатабыз. Окуу китептерин тизмеге киргизүү боюнча жаңы жобо иштелип жатат.

Бирок маселе мында жатат, жаңы регламентте биз окуу куралын тизмеге качан милдеттүү түрдө киргизүү керектигин, же сунушталган болсо, ошого байланыштуу конкреттүү талаптарды камтышыбыз керек. Эгерде окуу китеби “Сунушталат” деген грифти алган болсо, анда ал “Жалпы жана муниципалдык билим берүү мекемелеринде милдеттүү колдонуу үчүн” деген бөлүмүнө киргизилет.

- Башкача айтканда, КАО кандай иштегенин бардыгы билишерин эске алсак, учурдагы тизме эски процедура боюнча кабыл алынган болобу?

- Мен 2021-жылдын 1-мартынан тартып дайындалдым. Ошондой эле КАО кандай иштегендиги боюнча мен комментарий бере албайм.

- Билим берүү министрлиги мектеп окуучулары кандай китептер менен билим алып жатканын көзөмөлдөшү керекпи? Себеби, окуучулар одоно каталары бар, экспертизадан өтпөй калган жана гриф коюлбаган окуу китептери менен окушат экен.

- Эгерде тизмеде гриф коюлган гана окуу китептерин калтырсак, анда тизме да болбойт! Азыр сунуш кылынган окуу китептеринин тизмесинде гриф коюлган окуу китептери 15-20%ды гана түзөт, ал эми калгандары экспертизанын негизинде гана тизмеге киргизилген. Сиз, мамлекеттик билим берүү стандарттарына шайкештигин текшерүү менен (алар апробациядан өткөндөн кийин гана гриф алышат), көзкарандысыз экспертизадан жана көзкарандысыз апробациядан өткөн окуу куралдары да бар экендигин айырмалай билишиңиз керек.

- Келгиле, “эң өтүмдүү” делген - ортончу класстар үчүн математика боюнча окуу китептерин карап көрөлү. Окуу китептерин сатып алууну каалагандар министрлик сунуш кылган окуу китептеринин учурдагы тизмесин карап, аны жетекчиликке алышат.

- Сунуш кылынган окуу китептеринин тизмесине КАОнун экспертизасынан өткөн окуу куралдары киргизилген, анткени ал кезде экспертиза өткөрө турган башка уюм болгон эмес. Алардын экспертизасынын жана Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын экспертизанын негизинде буга чейин тигил же бул окуу китебине гриф берүү жөнүндө чечим кабыл алынчу. Сунуш кылынган окуу китептеринин тизмесине апробациядан өткөндөн кийин гриф коюлган окуу китептери гана кирбестен, зарылчылыкка байланыштуу экспертизадан өткөн окуу китептери дагы киргизилген.

- Кандай зарылчылык болгон?

- Зарылчылык, учурда мектептерге окуу куралдары керек. Бирок басмаканалар бул окуу китептеринин үстүнөн иштеп жатышат жана учурда тизмеде апробациядан өтө элек, бирок КАОнун экспертизасынан өткөн, гриф коюлбаган окуу китептери бар. Буга чейин ушундай тартип болгон. Азыр жаңы процедуралар жаңы жободо киргизилүүдө.

- Жаңы жобону кабыл алуу канча убакытка созулат?

- Жаңы тизме бекитилгенге чейин, биз ушул жобону иштеп чыгабыз. Мөөнөтү жумушчу топтун ишине жараша болот. Азырынча кайсы мөөнөттө бүтөрүн так айта албайбыз. Бирок, сунуш кылынган окуу китептеринин жаңы тизмеси бекитилгенге чейин жобону бекитебиз.

- Кыргызстандын мектеп окуучулары оркойгон каталары бар китептер менен эмес сапаттуу китептерден билим алууну качан башташат?

- Бул үчүн биз реформаларды жүргүзүп, ишти колго ала баштадык. Ал эми окуу китептерине келсек, азыр окуу китептерине буйрутма берген жокпуз. Келечекте окуу китептерин товар катары буюртма бере баштайбыз. Учурдагы жободо жол-жоболору, экспертиза жана апробация талаптары көрсөтүлгөн, бирок сунуш кылынган окуу китептеринин азыркы тизмесинде жобонун талаптарына жооп бербеген да окуу китептери бар.

Себеби, тизме 2020-жылы августта, ал эми жобо 2021-жылы январда бекитилген. Ушундан улам, бир дагы окуу китеби жаңы жобонун бардык талаптарын өтпөй калган, биз бул ишти жаңы баштап жатабыз. Болжол менен сентябрь айына чейин экспертиза өткөрүшүбүз керек. Жаңы жобо мурункудан түп-тамырынан бери айырмаланат.

- Журналисттер менен китеп саткан жайларга барып окуучуларга кандай окуу китептери сатылып жаткандыгын көрөсүзбү? Китеп басып чыгаруу секторунун башчысы катары сиз чыныгы кырдаалды өз көзүңүз менен көргөнүңүз жакшы. Ал эми сөз контрафактылык китептер жөнүндө эмес, мектеп окуучулары "Сунушталат" деген грифи жок сатып алган окуу куралдары жөнүндө сөз болуп жатат.

- Мен билимим боюнча юристмин жана министрликтин жобосуна ылайык, базарды көзөмөлдөө менин ыйгарым укуктарыма кирбейт. Китеп саткан жайларга барууга биздин укугубуз жок - бул кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу болот. Базарларда мыйзамсыз китептер сатылып жатат деген айрым басмаканалардын кайрылуусунун негизинде УКМКга, Каржы полициясына жана башка укук коргоо органдарына бир нече жолу кат жөнөткөнбүз. Бирок пандемия башталып кетти. УКМК, Каржы полициясы бизге жооп берген жок. Датасы эсимде жок, болжол менен бир жыл мурун биз ведомстволор аралык комиссия түзүүнү сунуштаганбыз. Биз дагы деле болсо ушул маселелердин үстүнөн иштеп жатабыз.

- Менин суроом контрафакт жана базарды жөнгө салуу жөнүндө болгон жок. Суроо, мектеп окуучулары одоно каталары бар окуу китептерин алып жатышкандыгында болууда.

- Сиз бизге каталары бар окуу китептерин алып келсеңиз болот, ошондо биз аны териштиребиз. Аларды тизмеден чыгарып, КАОдон экспертизанын жыйынтыгын сурайбыз. Биз буга даярбыз. Анткени КАО экспертиза жүргүзгөн. Кандай окуу китептеринен катачылыктарды көрдүңүз, негиздемелер бар болсо, “Окуу китебине” өткөрүп беребиз.

- Мисалы, математика боюнча окуу китебинде жаныбарларга “ким?” деп суроо берилген. Бул одоно ката. Билим берүү жана илим министрлиги өз демилгеси менен окуу китебин текшере алабы? Анткени, жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда ата-энелер каталар туурасында көп билдиришет.

- Кайсы класс? Биз кызыкдарбыз. Ушундай окуу китептеринин тизмесин түзүп, бизге маалымат бериңиз. Эгерде, мен ата-эне катары  каталарды байкасам, тиешелүү ыйгарым укуктуу органга жазып, мыйзам чегинде иш алып барам.

Бул маектен кийин эч нерсе түшүнүксүз экени түшүнүктүү болду. Билимдүү юрист баарын айткансыган менен эч нерсени айткан жок. Баса, эмне үчүн мындай мыкты юрист прокуратурада эмес, полиграфия тармагында иштеп жаткандыгы дагы түшүнүксүз. Кыязы, бул суроону ушундай кадрларды тандап алган министрге бериш керек го.

up