06:17, 19 апрель 2024 Жм

Бишкектеги Жумушчулар шаарчасында абанын булганышы нормасынан дээрлик 7 эсеге ашып кетти

Бишкектеги Жумушчулар шаарчасында абанын булганышы нормасынан дээрлик 7 эсеге ашып кетти — Today.kg

Бүгүн, 26-февраль, саат 8:15ке карата Бишкектеги Жумушчулар шаарчасында абанын булганышы нормасынан дээрлик 7 эсеге ашып кетти. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.

Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.

Москва-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде учурдагы көрсөткүч - 21 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 34). Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.

Чыгыш-5 кичи району – 129 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 77).

Токтогул-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилиши - 34 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 47).

Жумушчулар шаарчасы - 159 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 106).

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин аймагы - 25 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 34).

 

up