18:19, 28 март 2024 Бш

Таиландда каза болгон кыргызстандык боюнча ТИМ иш алып барууда

Кыргызстандын Малазиядагы элчилиги Таиландда каза болгон кыргызстандыктын жакындары менен 20-февралда дароо байланышып, иш алып барууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Министрлик Таиланддагы консулдук менен бирге керек болгон тийиштүү документтерди даярдап жатат.

21-февралда Таиланддын полициясы Пхукет аралындагы кароосуз калган имараттардын биринен кыргыз жаранынын сөөгү асылган абалда табылганын кабарлаганын Chiang Rai Times басылмасы жазган.

Гезиттин маалыматына ылайык 28 жаштагы Адилет аттуу маркум Кыргызстандын жараны болгон. Анын мойнунда жиптин тактары калган, күч колдонуунун белгилери аныкталган эмес. Учурда полиция иликтөө жүргүзүп жатканын билдирди. Ал жаран Таиландга эмне себептен барганы жөнүндө маалымат тактала элек. 

up