16:40, 29 март 2024 Жм

Кыргызстандын Элдик-демократиялык партиясы да шаардык кеңешке шайлоого аттанды

Кыргызстандын Элдик-демократиялык партиясы (НДПК) Бишкек шаардык кеңешине шайлоого аттанды. Бул тууралуу партиянын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Партия: «Биз, Бишкек шаарынын тургундары борбор калаада жоопкерчиликтүү жана эффективдүү бийликти орнотуу үчүн мыйзамдуу жол менен күрөшөбүз деп Кыргызстандын Элдик-Демократиялык партиясынын туусунун алдына бириктик. Өткөндүн бай мурасын сактап, Кыргызстандын борборуна өнүгүү үчүн жаңы импульс берүү — биз үчүн, бишкектиктердин жаңы мууну үчүн абдан маанилүү», — деп билдирет.

Бүгүн аталган партиянын V съезди өтүп, ага Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматов, юрист Чолпон Жакупова, экс-өкмөт башчы Темир Сариев, жаш ишкер Данияр Аманалиев катышты. Иш-чаранын жыйынтыгында талапкерлердин тизмеси бекитилди.

 

up