06:09, 24 апрель 2024 Шр

Курулуш агенттиги газ менен камсыздоо тутумдарын долбоорлоонун жаңы курулуш ченемдерин бекитти. Бул өлкө жарандарына пайда алып келет?

Курулуш агенттиги газ менен камсыздоо тутумдарын долбоорлоонун жаңы курулуш ченемдерин бекитти. Бул өлкө жарандарына пайда алып келет? — Today.kg

2021-жылдын 8-февралында Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги «Газ менен камсыздоо тутумдарын долбоорлоо» курулуш ченемдерин бекитти. Аталган ченемдер жаңы объекттерди газдаштырууга жана жаратылыш газын коопсуз колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

Буга чейин газдаштырууга мүмкүн болбогон объекттерди газдаштыруу менен жаратылыш газын колдонуу көлөмүн жогорулатууга жардам берет, бул өз учурунда экологиялык абалдын жакшырышына шарт түзөт. Жаңы курулуш ченемдери 2021-жылдын 8-мартында күчүнө кирет.

Газ менен камсыздоо боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөр

Газ бөлүштүрүүчү тармактардан жаратылыш газына төмөнкүлөрдү кошсо болот:

  1. Бийиктиги 75 метрге чейинки 25 кабаттуу турак үйлөрдү жана бийиктиги 55 метрге чейинки 18 кабаттуу жатаканаларды, апартамент-отелдерди жана конок үйлөрүн.
  2. 25 кабаттуу турак үйлөрдүн жана 18 кабаттуу коомдук имараттардын чатырына орнотулган от казандарын.
  3. Көп кабаттуу үйлөрдүн төмөнкү кабаттарында (үйдүн жертөлөсүнөн башкасы) жайгашкан же кошумча курулган коомдук тамактануу ишканаларын.
  4. Имараттарды жылытуу үчүн тышка орнотулган от казандарын.

Курулуш ченемдери ошондой эле жертөлө кабатына газ жабдууларын орнотууга, коридорлордо, тепкичтерде жана кутучаларда газ түтүктөрүн курууга мумкүндүк берет. Мындан ары эми абоненттер ашканасын жана тамактануучу жайларын бириктире алышат (2 же андан көп бөлмөлөрү бар батирлерде), ал эми газ эсептегичтерди жалпы колдонуучу орунга – коридорго, тепкичтерге же атайын аянтчаларга орнотууга уруксаат берилет. Жер алдынан өтүүчү газ өткөргүчтөр катары пластик түтүктөрүн колдонууга уруксат берилди, бул өз учурунда газ бөлүштүрүүчү түтүктөрдүн курулушуна кеткен чыгымдарды бир топ эсе кыскартат.

Коопсуздукту күчөтүү

Аталган ченемдер имаратты газдаштырууда коопсуздук талаптардын тизмесин кеңейтет жана авариялык абалдарды азайтууга жардам берген шаймандарды орнотууга мүмкүндүк берет:

  1. Ар бир батирде метанга болгон газ сигнализаторлорун орнотуу зарыл. Бул газдангандыкты контролдоого жана газдын сызылып чыгышын тез аныктоого жардам берет.
  2. Газ электромагниттик клапандарга коргоо-өрт өчүргүч сигнализациясын (эгерде андай нерсе имаратта орнотулган болсо) кошууга.
  3. Көп кабаттуу турак үйлөрдө эки желдетүүчү шахтасын милдеттүү түрдө орнотуу – газ плитасынын жергиликтүү механикалык аба соргучун жана ашкананын жалпы аба алмашуучу вентиляциясын. Бул газдаштырылган бөлмөнүн табигый вентиляциясын камсыз кылат.

 

up