20:08, 20 апрель 2024 Иш

Байден иммигранттар боюнча Трамптын жарлыгын жокко чыгарды

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден мурдагы мамлекет башчы Дональд Трамптын иммигранттар боюнча жарлыгын жокко чыгарды.

Трамп былтыр пандемия башталганда америкалык жумушчуларды коргоо максатында 2020-жылдын cоңуна чейин айрым категориядагы чет элдиктерге АКШнын аймагына кирүүгө тыюу салган. Кийин ал жарлыгын ушул жылдын апрелине чейин узарткан.

Миграция маселелери менен алектенген юристтердин айтымында, Трамптын жарлыгына ылайык иммигранттарга үй-бүлө мүчөлөрү менен кирүүгө тыюу салынган. Болгону АКШнын жарандыгын алган гана чет өлкөлүктөргө 21 жашка чыга элек балдарын, аялын же күйөсүн алып келүүгө уруксат берилген.

Ошондой эле саламаттык сактоо жана башка тармактарда иштегендерге жумушчу виза менен кирүүгө да тыюу салынган. Андан тышкары Грин картка ээ болгон миңдеген адамдар да бул чектөөгө кабылышкан.

Байден 24-февралда мурунку президенттин жарлыгын жокко чыгарып жатып, мыйзамдуу иммигранттарга кирүүгө тыюу салуу «АКШнын кызыкчылыктарына жооп бербейт» деп билдирди. Ал ошондой эле үй-бүлөлөрдүн бирикпегени Кошмо Штаттардагы бизнеске залакасын тийгизип жатканын кошумчалады.

 

 

 

up