19:02, 25 апрель 2024 Бш

Москва: Жапаров Мамлекеттик Думанын төрагасы менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. Анда эки өлкөнүн парламенттер аралык кызматташуусу тууралуу пикир алмашуу болду.

Вячеслав Володин Садыр Жапаровду жылуу кабыл алып, бул иш сапары эки тараптуу алакаларга, эки өлкө парламентинин ортосундагы мамилелерге жаңы дем берет деген ишенимин билдирди. Ошондой эле президенттик шайлоо атаандаштыкта жана ачык-айкын өткөнүн белгиледи.

Референдум боюнча сөз кылып, акылман эл өз тандоосун жасаганын кошумчалады. Ошондой эле Башмыйзамдын долбоорунда орус тилинин расмий статусу сакталып калгандыгын канааттануу менен белгиледи.

Президент Садыр Жапаров жаңы тарыхтагы кыргыз-орус мамилелери бардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүдө кең келечекке ээ экендигин белгиледи.

Эки өлкөнүн парламенттер аралык диалогу натыйжалуу экенин, ал саясий, соода-инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы алакаларды өнүктүрүүгө кошумча дем берерине ишенерин билдирди.

up