05:01, 29 март 2024 Жм

Калктын эң аярлуу катмарлары арасында кургак учукту акыктоо жана дарылоо

Калктын эң аярлуу катмарлары арасында кургак учукту акыктоо жана дарылоо — Today.kg

COVID-19 пандемиясы кургак учук менен ооругандардын санынын көбөйүшүнө өбөлгө түзүшү мүмкүн деп болжолдоп, USAIDдин ”Кургак учукту айыктыруу” долбоорунун колдоосунда Кызыл Жарым ай улуттук коому калктын аялуу катмарынын – туруктуу жашаган жери жок адамдардын арасында кургак учукту табуу, дартты аныктоо жана дарылоону жакшыртуу үчүн шарт түзүү максатында баш калкалоочу жайлар менен кызматташууну баштады.

Муса Иманалиев – “Ыйык рух” үй-жайсыз адамдар үчүн баш калка жайын түптөп, жетектеп келет. Бүгүн анын камкордугунда 13 адам бар. Жубайы Райхан экөө турак-жайсыз ооруулуу тургундарга жардам берүүнү милдетибиз деп эсептешет. Баш калка жайы иштеген 17 жылдын ичинде бул жерден 400гө жакын үй-жайсыз адамдар башпаанек табышкан.

Иманалиевдердин айтуусунда, алардын 60 пайызы кадимки жашоого, үй-бүлөсүнө кайтышкан же жаңы үй-бүлө күтүшкөн.  Анткени мында башпаанектетип, курсактарын гана тойгузушпастан, психологиялык колдоо да көрсөтүшөт, унутуп калган кадыресе жашоосун эстөөгө жана кайта табуусуна жардам беришет. Ал эми жашагандардын арасында оорулуулар, анын ичинде кургак учукка чалдыккандар да кездешет, аларга дарыланууга жана сакаюуга көмөк көрсөтүшөт, бул - ооругандарга гана эмес, алардын айланасындагы адамдар үчүн да көрүлгөн камкордук.

Булар туруктуу жашай турган жайы жок адамдар – мүмкүн болгон жерде жашашат. Оору болсо калк арасында тарай бериши мүмкүн, дейт Иманалиев. – Ошол үчүн булардын дарылаганына жардам беришибиз керек. Ошентип мен үчөөнү ооруканадан амбулатордук дарыланууга бул жакка алып келип, өзүм дары берип, карап турдум –дарылануу аягына чейин болсун деп, анткени таштап койсо, кесепети жаман”.

Кургак учук эмне экенин Муса Иманалиев жакшы билет – ал өзү да ооруп, билбестиктин айынан дарылануусун токтотуп коюп, дарттын алда канча татаал, дарыга туруктуу формасы менен көпкө чейин жана катуу ооруган эле. Эми өзүнүн катасын башкалар  кайталабашы үчүн эскертүүнү өзүнүн милдетим деп эсептейт:”Азыр ооругандарга такай айтам: бул оюнчук эмес, ойнобо, дарыланууну аягына чейин жеркирүү керек. Антпесе кайра чыгат, деп мен көп кишилердин сакайып кетүүсүнө жардам бердим”.

Келишим кабыл алынган күндөн тарта маалыматтык-билим берүү иштеринен жана кургак учукту алдын алуу боюнча иш-чаралардан сырткары Кызыл Жарым ай улуттук коому баш калкалоочу жайдын тургундарын текшерүүнү, ооругандар табылган учурда алар толугу менен сакайып кеткенче тийиштүү жардам жана колдоо боюнча иш-чаралардын уюштуруусун өзүнө алат. Учурда Чүй облусунда мындай келишим “Ыйык рух” сыяктууүч баш калкалоочу жайы менен түзүлгөн.

USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” долбоорунун адиси Чолпон Ибраимованын айтымында, долбоор бул багыттагы ишти туруктуу жашаган жери жок адамдар сыяктуу калктын эң аярлуу катмарларына колдоо көрсөтүү үчүн демилгелеген. Натыйжада, кургак учукка каршы медициналык жана социалдык жардамы менен көбүрөөк адам камтылаары күтүлүдөө

up