02:46, 20 апрель 2024 Иш

«Кумтөр» боюнча комиссия түзүү модага, анан соодага айланды

«Кумтөр» алтын кенинин сыры көп, сырынан да чыры көп. Менин аталган кен боюнча түзүлгөн комиссияга мүчө болуумун максаты: андагы коррупцияны билейин деген гана ниетим. Комиссияга да оппозиция болушу керек, мен ошол милдетимди аткарайын. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.

Ал «Кумтөр» боюнча комиссия түзүлгөн сайын Кыргызстандын үлүшү азайып, 67%дан 26%га түшкөнүн эскертип, «Эгерде үлүштүн баарын азайтып жаткан болсок, комиссия түзүүнүн канчалык кажети бар?» — деген суроо койду.

«Азыр элге үч гана нерсе керек. Канча алтын калды, канчасын сатып салды, канчасын катып алды? Экинчи, 10 миң гектар жер берилдиби, же 16 миң гектар жерби? Үчүнчүсү, канча акционер, канча коррупционер бар? Элге ушул эле маалыматтар керек. Ар бир комиссия эле мурунку комиссиянын ишин иликтемиш болуп жаап жатса эле, бул деген модага, анан соодага айланып кетти», — деди Момбеков.

Ошондой эле ал Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмазбек Абыловдон «Кумтөр» алтын кени боюнча 1992-жылдан берки документтердин көчүрмөсүн сурады.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин 17-февралдагы жыйынында «Кумтөр» алтын кенине байланышкан маселелерди иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. 24-февралда парламенттин жыйынында «Кумтөр» алтын кенинин ишин текшере турган депутаттык комиссиянын макамы каралып, «мамлекеттик комиссия» деп өзгөртүлгөн. Комиссиянын жетекчиси депутат Акылбек Жапаров, ал эми анын орун басары депутат Умбеталы Кыдыралиев болгон.

up