10:43, 29 март 2024 Жм

Аялдарга күч колдонуп, муунтуп, телефонун тартып алышкан. Чүйдө тоноочулукка шектүүлөр кармалышты

Аялдарга күч колдонуп, муунтуп, телефонун тартып алышкан. Чүйдө тоноочулукка шектүүлөр кармалышты — Today.kg

Чүй облусунун Аламүдүн районунда тоноочулукка шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын декабрь айында жана 2021-жылдын январь айында Аламүдүн районунун аймагында аялдарга карата үч тоноо фактысы катталган. Ал окуяларда белгисиз эркек балдар аялдарга күч кодонуп, муунтуп, телефондорун тартып алып окуя болгон жерден из жашырып кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берене "Тоноо" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталаган.

"Иликтөө иш-чаралардын натыйжасында түнкүсүн аялдарды тоноого шектелип 20 жаштагы Б.М. жана буга чейин бир нече жолу соттолгон 21 жаштагы К.Д. аттуу жарандар кармалышкан. Учурда кармалган жарандардын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

up