17:17, 25 апрель 2024 Бш

Депутат Акаев насыя алгандардын маселесин көтөрдү

Депутат Акаев насыя алгандардын маселесин көтөрдү — Today.kg

Депутат Жанар Акаев былтыркы жылдын алты айында эле 150 миңден ашуун жаран насыя алганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Кыргыз мамлекетинде 100 миңдеген адамдар насыя менен күн көрүшөт. Былтыркы жылдын 6 айында эле 150 миңге жакын адам насыя алган. Пандемиянын кесепетинен чек аралар жабылды, доллардын куну өстү, азык-түлүк күндөн күнгө кымбаттап жатат. Өкмөттөн, банктардан, депутаттардан жардам сурап 100дөгөн адамдар жүрүшөт. Эл көйгөйү деп аталган коомдук бирикме бүт Кыргыз мамлекети боюнча насыясын төлөй албай калган пайыздык төлмөдөрдөн жеңилдик сураган жарандарды чогултуп, Ак Үйдүн алдында Жогорку Кеңешке, президентке кайрылып келип жатышат. Буга чейин алар мэриянын, өкмөттүн алдына түнөгөн учурлар болду. Өкмөт жана Улуттук банк буга тыкыр көзөмөл кылып, кыш мезгилине карата жеңилдиктерди берүүнү карап чыгышы керек", - деди ал.

 

up