11:06, 29 март 2024 Жм

Башкы прокуратура эки айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери мамлекетке 19 милилон сомдон ашуун зыян келтиргенин аныктады

Башкы прокуратура эки айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери мамлекетке 19 милилон сомдон ашуун зыян келтиргенин аныктады — Today.kg

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери мамлекетке 19 миллион сомдон ашык зыян келтирген. Мындай маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, райондук прокуратура тарабынан Аксы районунун Тегене, Ак-Суу айылдарынын тургундарынын арыздарынын негизинде текшерүү жүргүзүлгөн. Анда Ак-Жол жана Ак-Суу айыл өкмөттөрүнүн жооптуу кызматкерлери өздөрүнүн кызмат абалдарын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, пайдалуу кендерди мыйзамсыз казууга жол беришкен.

"Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын 2020-жылдын 24-декабрындагы жана 2021-жылдын 14-январындагы корутундуларына ылайык, жогоруда айтылган айыл өкмөттүн жооптуу кызмат адамдарынын жана айрым юридикалык жактардын мыйзамсыз иштеринин натыйжасында мамлекетке 19 миллион 366 миң 37 сом зыян келтирилгендиги тастыкталды.

Аксы райондук прокуратурасы тарабынан аталган фактылар 320-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 233-берене (коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - дешти мекемеден.

 

up