01:32, 29 март 2024 Жм

Кыргыз-татар кызматташтыгы талкууланды

Президент Садыр Жапаров Москвага жасаган иш сапарынын алкагында Татарстандын президенти Рустам Минниханов менен жолугушуу өткөрдү. Анда ал Кыргызстан менен Татарстан элин маданиятынын, тилинин окшоштугу, бир дин, жалпы каада-салттар бириктирип турарын жана аларды колдоо зарылдыгын белгиледи.

Жапаров ар дайым тыгыз кызматташууга, экономикалык, соода, маданий байланыштарды өнүктүрүүгө ынтызарлыгын билдирди.

Татарстан президенти Рустам Минниханов эки өлкөнүн экономикасы жана байланыштарын өнүктүрүү менен жаратман процесстерге көңүл буруу керектигин айтты. Электрондук башкаруу, инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу жана башка чөйрөлөрдө тажрыйба алмашууга даяр экендигин кошумчалады.

up