14:25, 28 март 2024 Бш

Казакстан-Кыргызстан авиакаттамы көбөйтүлөт

Казакстан 4 өлкө менен авикаттамдарды көбөйтүүнү пландоодо. Бул тууралуу «Sputnik Казакстан» жазды.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан жана Украинага болгон каттамдар көбөйтүлөт. Аталган өлкөнүн Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлиги эл аралык каттамдардын санын көбөйтүү сунушун колдогон.

Ага ылайык, Кыргызстанга дагы эки авиакаттам ачууну пландалууда. Төмөндө көбөйтүлгөн каттамдардын саны:

  • Түркия (+4 каттам кошулат),
  • Өзбекстан (+4 каттам),
  • Кыргызстан (+2 каттам)
  • Украина (+1 каттам).

Азыркы тапта Алматы — Бишкек — Алматы багыты боюнча жумасына эки авиакаттам жүрүп жатат.

up