19:04, 25 апрель 2024 Бш

АКШ Грузиядагы саясий кырдаалга тынчсызданат

23-февралда АКШ Конгрессинин тараткан билдирүүсүндө Грузиядагы баардык саясий партияларды чагымчыл аракеттерди токтотуп, кризисти тынч жол менен чечүү үндөлөт.

"Грузия өкмөтүнүн Бириккен улуттук кыймылдын лидери Ника Мелиа баштаган ондогон активисттерди камакка алышы бизди терең тынчсыздандырат. Грузиянын укук коргоо жана сот органдарынын коррупциялык жол менен мындай саясий иш-аракеттерди жасоосу Грузиянын демократиясына жана Евро-Атлантика чөлкөмүнө да коркунуч туудурат. Биз Ника Мелиа жана Георгий Руруа баш болгон бардык саясий туткундарды тезинен бошотууга чакырабыз. Грузиядагы бардык саясий партиялар провокацияларды токтотуп, бул кризисти тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөргө барышы керек", деп жазылат билдирүүдө.

Ал арада Эл аралык мунапыс уюму Мелианын күч колдонуп камалышы боюнча тынчсыздануусун билдирип, уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча жетекчисинин орун басары Денис Кривошеев Мелианын камалышынын саясий себептери бар экенин билдирди.

 

Денис Кривошеев. Денис Кривошеев.

"Апелляция карала электе, аны зордук-зомбулук менен камакка алуу Грузин бийлигинин мыйзамдуулукту сыйлабай, сот бийлигинин беделин жана кынтыксыздыгын четке кагып турат. Мелианын камакка алынышынын саясий жүйөөсү бар деп божомолдоого болот", деди Кривошеев.

Грузин полициясы 23-февралда таңга маал оппозициячыл саясатчынын кеңсесине кирип, көздөн жаш чыгарчу газ чачуу менен тинтүү жүргүзүп, кабинетинде баррикада куруп, ичинен бекинип алган Ника Мелианы кармап кеткен.

 

Шейшембиде Грузиянын парламентинин астында Мелианын тарапташтары нааразылык акция уюштурушуп, анын чукул арада бошотулушун талап кылышкан.

Тбилисидеги нааразылык акциясы. 23-февраль, 2021-жыл. Тбилисидеги нааразылык акциясы. 23-февраль, 2021-жыл.

Ал эми «Бирдиктүү улуттук кыймыл» оппозициячыл партиясын жетектеген Мелиа 2019-жылдагы нааразылык жыйыны маалында тополоң уюштурган деп айыпталып, соттун чечими боюнча күрөө төлөп, электрондук билерик тагынып жүрүүгө милдеттендирилген.

Бирок ал былтыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршылык иретинде күрөөнү төлөөдөн баш тартып, электрондук билеригин да чечип салган.

Өткөн жумада сот күрөөнү төлөбөгөнү үчүн камакка алууну өкүм кылган. Бирок Ички иштер министрлиги оппозициячыл саясатчыны камабай турууну чечкен.

4 миллионго чукул калкы бар Грузияда саясий кырдаал былтыр ноябрда өткөн шайлоодон бери курчуп турат. Анда бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы алдыга озуп чыккан. Оппозициячыл партиялар добуш берүүнүн жыйынтыгын таануудан баш тартышкан эле.

up