16:07, 28 март 2024 Бш

УКМК тарабынан кармалган "Кабарлар" маалымат агенттигинин директору Үмүт Мукамбетова үй камагына чыгарылды.

УКМК тарабынан кармалган Кабарлар маалымат агенттигинин директору Үмүт Мукамбетова үй камагына чыгарылды. — Today.kg

УКМК тарабынан кармалган "Кабарлар" маалымат агенттигинин директору Үмүт Мукамбетова үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал бүгүн, 24-февралда прокуратуранын тергөөчүсүнүн келтирген өтүнүчүнүн негизинде үй камагына чыккан.

Буга чейин УКМК жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын биринин жетекчиси пара талап кылуу фактысы менен кармалганын билдирген.

Кийинчерээк кармалган адам "Кабарлар" маалымат агенттигинин директору Үмүт Мукамбетова экендиги белгилүү болуп, аталган агенттик тарабынан жетекчинин кармалышы боюнча түшүндүрмө берилген.

up