20:49, 25 апрель 2024 Бш

Тажикстандын чек арасын бузуп өткөн жаранга 300 миң сомго чейин айып пул салынат же эркинен ажыратылат. Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн чек арасын бузуп өткөндөргө кандай жаза каралган?

Тажикстандын чек арасын бузуп өткөн жаранга 300 миң сомго чейин айып пул салынат же эркинен ажыратылат. Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн чек арасын бузуп өткөндөргө кандай жаза каралган? — Today.kg


Кыргыз өлкөсүнүн аймагына мыйзамсыз, чек араны бузуп кирген башка мамлекеттин жарандары Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамдарынын негизинде жоопко тартылат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдап, жарандардын эсине салып коюуну өтүндү. Башка мамлекеттин чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүдө төмөнкүдөй жазалар белгиленген. Алар Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамдарында белгиленген 358-беренеге ылайык, категориясына жараша 220 миң сомдон 300 миң сомго чейин айып төлөйт жана 2,5 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.
Кыргыз-Тажик чек арасы аркылуу жарандарды өткөрүү 2004-жылдын 26-майындагы Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын өкмөттөр аралык “Кыргыз-Тажик чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пункттары жөнүндө” келишиминде кеңири каралган. Алар “Кулунду-автожол”, “Кайрагач-автожол” жана “Кызыл-Бел” автожол өткөрүү пункттары аркылуу жалпы жарандык паспорттору менен жарандарды өткөрөт.
Коңшу мамлекеттердин аймагына жогоруда көрсөтүлгөн өткөрүү пункттары аркылуу гана өтүүгө болот, башка аймактардан өтүү , Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өтүү деп эсептелинет. Ал эми Тажик Республикасынын аймагына башка мамлекеттин жарандары мыйзамсыз жолдор менен чек араны бузуп өтсө, категориясына жараша 300 миң сомго чейин жазана салынат же эркинен ажыратылат.
Ошондой эле Өзбекстан Республикасынын мыйзамдарынын 223-беренесине ылайык, аталган мамлекеттин чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн башка мамлекеттин жарандары 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат жана сот тарабынан мыйзам чегинде айып салынат. Баткен облусунан Өзбекстан Республикасынын аймагына “Кадамжай”, “Кызыл-Кыя” автожол өткөрмө пункттары аркылуу гана өтүүгө болот.
Жарандардын кайсы мамлекеттин аймагында жүргөндүгүнө карабастан, мыйзамсыз кылган иштерине жоопкерчилик каралган.
"Ошондуктан Баткен облусунан, кошуна мамлекеттерге өтүүдө, атайын чек ара өткөрүү пункттары аркылуу гана өтүүңүздөрдү эскертебиз", - дешти мекемеден.
Белгилей кетсек, азыркы учурда, COVID – 19 коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргыз өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы № 84-буйругунун негизинде өткөрүү пункттары аркылуу өтүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилген.

up