17:58, 29 март 2024 Жм

24-февралдан 27-февралга чейин суук болот

24-февралдан 27-февралга чейин өлкө аймагында суук болот. Кыргызгидромет борборунун маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.

25-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жааган жаан карга айланышы мүмкүн. Ал эми Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо туман түшүп, жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.

25-26-февралда күтүлгөн аба ырайы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -13…-18, күндүз -6…-11;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -15…-20, күндүз -6…-11;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2.

26-27-февралдарда Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…-6;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25, күндүз -7…-12;

Тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30, күндүз -8…-13 суук болушу күтүлөт.

up