15:41, 20 апрель 2024 Иш

Ош облусунда 20 миң 819 бөтөлкө ичимдикти тартып алышты

Мамлекеттик салык кызматы Ош облусундагы салыктык текшерүүнүн жүрүшүндө алкоголдук продукциянын мыйзамсыз сакталгандыгын жана уруксат берүүчү документтерсиз сатылып жаткандыгын аныкташты.

Бардыгы болуп мыйзамсыз жүгүртүүдөн 2 млн сомдон ашык суммада ар кандай аталыштагы 20 миң 819 бөтөлкө алкоголдук продукция тартылып алынды.

Маалым болгондой, ичимдик саткан соодагерлерге мыйзамга ылайык чаралар көрүлгөн.

up