12:01, 29 март 2024 Жм

Төрт жетекчиге жогорку аскердик наамдар берилди

Президент Садыр Жапаров жогорку аскердик наамдарды берүү жөнүндө жарлыктарга кол койду. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы 24-февралда кабарлагандай, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге генерал-лейтенант, УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын директору Бекбосун Апсатаровго генерал-майор, ички иштер министри Улан Ниязбековго милициянын генерал-майору жана Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) төрагасы Аскат Эгембердиевге ички кызматтын генерал-майору наамы берилди.

2020-жылдын октябрында Кыргызстанда парламенттик шайлоодон кийин бийлик алмашкан. Өкмөттүн жаңы курамы ишке 3-февралда киришкен. 

up