14:06, 19 апрель 2024 Жм

«Кумтөрдүн» ишин иликтей турган комиссиянын макамы өзгөртүлдү

«Кумтөр» алтын кенинин ишин текшере турган депутаттык комиссиянын макамы каралып, «мамлекеттик комиссия» деп өзгөртүлдү. Тиешелүү токтом бүгүн, 24-февралда парламенттин жыйынында кабыл алынды.

Комиссияны жетекчиси, депутат Акылбек Жапаров, ал эми анын орун басары депутат Умбеталы Кыдыралиев болот.

«Президенттик аппараттан жана Өкмөттөн алардын өкүлдөрүн киргизүү сунушу келип түштү. Баарын кошуп, депутаттык эмес деп атоо боюнча сунуштар келип жатат», — деди Жапаров.

Парламенттин 17-февралдагы жыйынында комиссия түзүү тууралуу демилгени депутат Жыргалбек Турускулов көтөрүп, кендеги экологиялык абалды, берилип кетти делген 16 гектар жер аянтын, кендеги запастын көлөмү тууралуу иликтөөнү сунуштаган.

Комиссиянын курамына кирген депутаттар:

Каныбек Иманалиев — «Ата Мекен»;

Өмүрбек Бакиров, Рыскелди Момбеков, Самат Ибраев, Айнуру Алтыбаева — КСДП;

Умбеталы Кыдыралиев, Абдыбек Дюшалиев, Закир Шарапов — «Республика — Ата-Журт»;

Акылбек Жапаров — «Бир Бол»;

Осмон Турдумамбетов — «Өнүгүү-Прогресс»;

Замирбек Эсенаманов, Урматбек Самаев — «Кыргызстан».

Белгилей кетсек, учурда «Кумтөр» кени мыйзамдуу келишимдерге ылайык, өлкө казынасына 13 %, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна 1 % салыктык төгүм аткарат. Ошондой эле кенди иштеткен «Центерра Голд Инк» компаниясында мамлекеттин 26,6%дык үлүшү бар.

up