13:48, 25 апрель 2024 Бш

УКМКнын жанында Сегизбаевдин тарапкерлеринин акциясы өтүп жатат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдында бүгүн, 24-февралда бул мекеменин мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевди боштондукка чыгарууну талап кылган акция өтүп жатат. Ага Сегизбаевдин жакындары жана тарапташтары, жалпысынан 20 чакты адам катышууда.

Акциянын катышуучулары “Саясий куугунтук токтотулсун”, “Соттун ачык өтүшүн талап кылабыз”, “Чындык Абдил тарапта” деген ураандарды айтып жатышат.

Алар Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Жылдыз Чодобаеваны да бошотууну талап кылып турушат.

Башкы прокуратура Сегизбаевдин үстүнөн жалпысынан 6 иш тергелип жатканын, ал иштер “Белизгейт” окуясына, кызматтык батирлерди бөлүштүрүүгө, жер тилкелерине, энчилүү курал менен сыйлоого, бюджеттик акчаны бөлүштүрүүгө байланыштуу экенин 11-февралда Башкы прокуратура кабарлаган.

Сегизбаев «Белизгейт» окуясы боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”) негизинде кармалганы айтылып, 25-январда Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган. Кийин ал УКМКнын тергөө абагына которулган. Бүгүн, 24-февралда Бишкек шаардык соту Сегизбаевди үй камагына чыгаруу өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты.

Сегизбаевдин иштери боюнча Таш-Мойнок айылындагы жер тилкелерине байланыштуу аталган айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Жылдыз Чодобаева 8-февралда шектүү катары кармалган. Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси менен айыпталып жаткан Чодобаева да УКМКнын тергөө абагында отурат. (RK)

up