17:47, 28 март 2024 Бш

Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу боюнча 20 миңдей кол топтолду

Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу боюнча 20 миңдей кол топтолду — Today.kg

Мурдагы президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу боюнча 20 миңдей кол топтолду. Бул тууралуу жарандык активист Чынгыз Капаров билдирип, кол топтоо 5-февралда башталган.

"Бүгүнкү күндө 20 миңге чукул кол топтолду, биздин максат 300 миң кол топтоо. Жер-жерлерде кол топтоо уланып жатат. Биздин катарда мигранттар дагы бар", - деп билдирди Чынгыз Капаров.

Буга чейин экс-президенттерди макамынан ажыратуу боюнча кол топтоо иштери башталганын, ага Роза Отунбаеванын 2010-жылы шайлоого катышпаганы, Сооронбай Жээнбековдун мөөнөтүнөн мурда кызматтан кеткени себеп болгону айтылган.

 

up