19:59, 19 апрель 2024 Жм

Актер Андрей Мягков каза болду

Белгилүү советтик жана орус актеру Андрей Мягков 83 жашында каза болду. Бул тууралуу актер иштеген Чехов атындагы Москва көркөм театрынан кабарлашты. Маалыматка ылайык Мягков жүрөк оорусунан улам Москвадагы өз үйүндө дүйнө салган.

Андрей Мягков 1938-жылы Ленинградда туулган. 1965-жылы театралдык окуу жайды бүткөн соң Орусиядагы “Современник”, Москва көркөм театрында эмгектенген.

Ал көрөрмандарга режиссер Эльдар Рязановдун "Ирония судьбы, или С легким паром", "Служебный роман", "Гараж", "Жестокий романс" аттуу тасмаларындагы ролдору менен таанымал болчу.

 

up