13:04, 19 апрель 2024 Жм

Президент Садыр Жапаров аралыктан иштөө режимине өттү

Президент Садыр Жапаров аралыктан иштөө режимине өттү — Today.kg

Президент Садыр Жапаров аралыктан иштөө режимине өттү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал учурда пландаштырылып жаткан жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чаралардын алдында, ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясы уланып жатканын эске алуу менен санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо зарылдыгына байланыштуу аралыктан иштөө режимине өттү.

Мамлекет башчысы ишин онлайн-форматта улантууда жана өлкөдө болуп жаткан бардык окуяларды көзөмөлдөп турат.

 

up