14:21, 16 апрель 2024 Шш

Сабырбек Жумабеков эл аралык сынакта

 Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков "Жылдын мыкты окумуштуусу — 2020" номинациясына ээ болду. Бул туурасында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

  • Руководитель БНИЦТиО Сабырбек Джумабеков признан победителем в номинации Ученый года — 2020 в области травматологии и ортопедииБишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков "Жылдын мыкты окумуштуусу — 2020" номинациясына ээ болду © Фото / пресс-служба Минздрава КР
  • Руководитель БНИЦТиО Сабырбек Джумабеков признан победителем в номинации Ученый года — 2020 в области травматологии и ортопедииКыргызстандык дарыгерди штаб-квартирасы Чикагодо жайгашкан International Achievements Research Center (Эл аралык жетишкендиктерди изилдөө борбору) уюмунун тандоо комитети травматология жана ортопедия тармагы боюнча мыкты деп тапкан. © Фото / пресс-служба Минздрава КР

1 / 2 © Фото / пресс-служба Минздрава КРБишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков "Жылдын мыкты окумуштуусу — 2020" номинациясына ээ болду

Ага ылайык, кыргызстандык дарыгерди штаб-квартирасы Чикагодо жайгашкан International Achievements Research Center (Эл аралык жетишкендиктерди изилдөө борбору) уюмунун тандоо комитети травматология жана ортопедия тармагы боюнча мыкты деп тапкан.

Аталган борбордун эксперттери жана өнөктөштөрү дүйнөнүн ар кайсы регионунун абройлуу өкүлдөрүнөн турат.

"Травматология жана ортопедия тармагына кошкон салымын жана изилдөөлөрүн, жарыяланган макалалары менен патенттеринин санын, докторлук жана кандитаттыкты жактоодогу насаатчылыгын, илимий конференцияларга жана долбоорлорго катышуусун, илимий чөйрөдөгү лидерлигин, улуттук жана эл аралык сыйлыктарын эске алуу менен Сабырбек Жумабеков "Жылдын мыкты окумуштуусу — 2020" номинациясынын жеңүүчүсү деп табылды", — деп билдирди министрлик.

Конкурстун жыйынтыгы менен дарыгерге эл аралык сертификат (диплом) жана уюмдун эмблемасы ыйгарылган.

up