13:47, 23 апрель 2024 Шш

Бирмада коомдук тармактарга тыюу салуу – нааразылыктын күчүн тастыктоодо


Бирманын аскердик өкмөтү 6-февралда интернеттеги коомдук тармактарга карата бөгөттүн мөөнөтүн узартты. Бул чаралар “Твиттер” менен “Инстаграмга” бөгөттү да камтууда. Бул аракеттер өлкөдөгү калайык өкмөттүн мурдагы жарандык башчысы Аун Сан Су Чжи айымдын аскердик кутум аркылуу бийликтен кулатылышына карата элдик нааразылык кубаттуу экендигин кыйыр көрсөтүүдө.

Бирманын (Мьянманын) ордо шаары Янгондо демонстранттар Су Чжинин Демократия үчүн улуттук лигасы (NLD) партиясынын түсү болгон кызыл желектерди желбиретип, "Аскердик диктатура жоголсун!" деп кыйкырып, ураан чакырышты.

Янгондун Дагон университетинин студенттери жана окутуучулары аскердик кутумчуларга каршы нааразычылык ырын ырдашып, кызыл тасмалуу ураан барактарды көтөрүп жүрүштү жана NLDди колдой тургандыктарын көрсөтүп, үч манжасы менен ишаара кылышты.

Аскердик бийлик байланыш операторлоруна жана интернет камсыздоочуларга “Твиттерге” жана “Инстаграмга” кирүүгө бөгөт коюуга буйрук берип, мындай арганы айрым кишилер интернеттеги коомдук тармактарды жалган жаңылыктарды жайылтуу үчүн колдонууга далаалат кылып жаткандыгы менен түшүндүрдү.

Мурдагы тыюу Facebook, WhatsApp жана Instagram коомдук тармактарына эркин кирүүгө кесепетин тийгизген, бирок кээ бир адамдар VPN аркылуу Интернетке туташып, тыюу салуу чарасын жеңип өтүп жаткан.

 

Аскердик төңкөрүштө өлкөнүн иш жүзүндөгү лидери, 75 жаштагы Су Чжи айымдын мыйзамсыз кармалышы Батыш өлкөлөрүнүн нааразычылыгын пайда кылды.

NLD партиясы өлкөдөгү 2020-жылы ноябрда болгон шайлоодо ишенимдүү жеңип чыккан, бирок аскер жетекчилиги бул жыйынтыктарды тааныбай келди. Су Чжи айымдын жана кызматтан четтетилген президент Вин Мьиндин адвокаты алардын өз үйлөрүндө кармалып жаткандыгын билдирди. 

up