14:10, 23 апрель 2024 Шш

Кытай АКШны кетирген каталарын оңдоого чакырды

Кытай Компартиясынын Борбордук Комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, эл аралык байланыштарды уюштуруучу Ян Цзечи АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Вашингтонду Кытайга болгон акыркы каталарын оңдоп, биргеликте өнүгүүгө үндөдү.

«Кытай АКШны акыркы каталарын оңдоп, кызматташтыкка көңүл бурууга, келишпестиктерди жоюуга жана АКШ-Кытай мамилелеринин туруктуу өнүгүүсү үчүн көмөктөшүүгө чакырат», — деди Ян Цзечи.

Ошондой эле ал АКШга эки тараптуу мамилелерди урматтоо, ич ара кызматташтыкты чыр-чатаксыз, тирешүүсүз атаандаштыкта өнүктүрүү сунушун берди.

up