20:41, 28 март 2024 Бш

Навальныйга каршы жаңы сот иши башталды

Орусиядагы оппозициячыл лидер Алексей Навальный өзүнө каршы башталган жаңы сот жүрүмүнө байланыштуу орус бийликтерин “жалаа жаап, кошумча доо таккысы келет” деп кескин сынга алды.

Абакта жаткан оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный орусиялык аткаминерлерди ага карата жалган жалааны "ойдон чыгарды" деп айыптады.

Расмий Кремлди колдогон бир нече киши чагылдырылган видео тасмага карата Навальныйдын “Твиттерде” жазган пикирлерин бийликтер кишинин беделине шек келтирүү катары баалап жатышкандыгын ал ушундайча сынга алды.

Навальный 5-февралда жаңы бир сот жүрүмүндө Экинчи Дүйнөлүк согуштун ардагерине акаарат келтирди деген доо боюнча жооп берди.

Согуш ардагери Игнат Артёменко былтыр июнда башка да орусиялыктар (арасында космонавт да бар) менен биргеликте атайын видео тасмага тартылган.

 

Бул жарнактык тасма президент Владимир Путинге 2024-жылы жана андан кийин да жаңы президенттик шайлоодо талапкер катары катышууга мүмкүндүк берген конституциялык түзөтүүлөрдү киргизген референдумду колдоо максатында тартылган болчу.

Навальный “Твиттердеги” барагында бул видео жарнактагы 94 жаштагы согуш ардагери Артёменко, космонавт Олег Кононенко, быштак өндүрүүчү Олег Сирота, дизайнер Артемий Лебедев мырзаларды жана башкаларды президент Путиндин буга чейинки шайланган учурларын “нөлгө чыгарган” конституциялык реформаны колдогондуктары үчүн “өлкөнүн шерменделери” жана “чыккынчылар” катары сыпаттаган болчу.

Навальныйдын дал ушул сөзү аны жаңы сот жоопкерчилигине тартууга негиз болду.

Бабушкин райондук сотунун имаратынын сыртындагы журналисттер менен полициячылар. 2021-жылдын 5-февралы. Бабушкин райондук сотунун имаратынын сыртындагы журналисттер менен полициячылар. 2021-жылдын 5-февралы.

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары Навальныйга каршы жаңы сот жүрүмүнүн алгачкы күнүн мүнөтүнө чейин чагылдырууга аракеттеништи.

"Мен бул сот ишинин кандайча пайда болгонун, эмне себептен ойдон чыгарылгандыгын жакшы түшүнөм... Бүткүл иш ойдон чыгарылган", – деди Навальный Москва шаарындагы Бабушкин райондук сотундагы сөзүндө.

 

5-февралда башталган сот жүрүмүнүн назарындагы башкы окуя – бул 2020-жылдын 2-июнундагы Навальный интернеттин коомдук тармагында алиги жарнактык тасмага катышкандарды “чыккынчылар”, ар-намысы жоктор”, “жемкорлуктун малайлары” деп атагандыгы болду. Прокурор соттогу сөзүндө Навальныйдын жоругу атайылап жалган маалымат таркатуу аркылуу кишинин беделине шек келтирүүгө жатат, деп билдирди.

Орусиянын тергөөсү бул сын пикирлерде Улуу Ата Мекендик согуштун ардагеринин "ар-намысын жана кадыр-баркын атайылап кемсинткен жалган маалыматтар бар" деп билдирди.

Путиндин Геленжиктеги ажайып хан сарайы: Сүрөт баян Сүрөт баян

Путиндин Геленжиктеги ажайып хан сарайы: Сүрөт баян

Кара деңиз жээгиндеги хан сарай - Орусиядагы путиндик доордун жемкорлук желесин элестетет. Орусиянын оппозициячыл лидери Алексей Навальныйдын тобу тарткан бул сүрөттөрдө «Путиндин хан сарайы» деген имаратты көрүүгө болот. Сүрөт баян.

Оппозициячыл саясатчынын жактоочулары Навальный бул тасма тууралуу өз баасын гана айткан, бирок ал согуш ардагерин эч кандай ушактаган эмес, деген пикирин билдирди.

Жактоочулардын оюнча, бул сот аркылуу куугунтуктоо Навальныйдын азыркы таптагы президент Путинди ачык сындагандыгы, өлкөдөгү айрым жемкорлорду ашкерелегендиги жана жалпы оппозициячыл саясий ишмердиги менен байланыштуу жүзөгө ашырылууда.

 

Айтмакчы, Путиндин шайлануу мүмкүнчүлүгүн узартууга багытталган былтыркы референдумга каршы Наввльный менен анын тилектештери гана чыкты деп айтууга болбойт.

Орусияда былтыр июнда 200дөй шаардык жана аймактык депутат Владимир Путиндин Баш мыйзамды өзгөртүшүнө ачык каршы чыккан.

Орусияда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча добуш берүү 2020-жылы 25-июндан 1-июлга чейин өттү. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш бергендердин 77,92% Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдогонун билдирди. Добуш берген жарандар жалпы шайлоочулардын дээрлик 65% түзгөн.


Конституцияга киргизилген 2020-жылкы өзгөртүүлөрдүн эң негизгиси - президент Владимир Путиндин буга чейинки кызматтык мөөнөттөрүн саноону жокко чыгарган жана ага кийинки шайлоого катышууга жол ачкан укуктук жобо болуп саналат.​

Сот ишине кайра кайрылсак, Навальный өзүнө карата неге доо коюлгандыгын эч аңдай албастыгын, Артёменкону жекече тааныбай тургандыгын, карыя кишини тек гана “чынжырдагы куурчак сымал” пайдаланып жатышкандыгын айтты.


Анын оюнча, бул чагым иш ага каршы кремлчил RT каналынын журналисттери тарабынан ойлоп чыгарылган. Бул тасмадагылардын ичинен алар согуш ардагерин пайдалангандыгы – “анын медалдары аркылуу ууру Путинди коргоо” үчүн аны тандап алышкандыгынан улам болду, деди Навальный.

Эгерде Навальный сот тарабынан ага карата козголгон жаңы иш боюнча айыптуу деп табылса, анда ал 1 миллион рубль (14 255 АКШ доллары) көлөмүндө айып пулдан тартып 240 сааттык коомдук жумушка чейинки жазага тартылышы күтүлөт.

up