15:40, 19 апрель 2024 Жм

Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясы:

Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясы: — Today.kg

Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясы Кыргыз өлкөсүндө өткөн шайлоону тааныды. Бул тууралуу аталган миссиянын жетекчиси Владимир Норов басма сөз жыйынында билдирди.

"Биз президенттик шайлоого жана референдумга даярдык учурунан тартып, жыйынтыкталганга чейин көз салдык. Президенттикке талапкерлердин, референдум боюнча үгүт топторунун баарына бирдей шарт түзүлгөн. Шайлоо мыйзамга ылайык, так өттү. Биз шайлоону таза өттү деп эсептейбиз", - деди Норов.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 10-январь күнү өттү. Алдын ала жыйынтыктарга ылайык, президенттик башкаруу формасы жана Садыр Жапаров алдыда келе жатат.

 

up