02:12, 29 март 2024 Жм

Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары

Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары — Today.kg

Референдумдун алгачкы жыйынтыгы боюнча президенттик башкарууну тандагандар утуп чыкты. Бул туурасында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Саат 20:45ке карата алынган маалымат боюнча референдумга 1 140 249 жаран катышканы аныкталды. Бул жалпы шайлоочулардын 32 пайызын түзөт. Бул цифралар 2003 автоматтык урнанын берген маалыматына карап чыккан. Башкаруу формасын тандаган референдум өттү деп таануу үчүн шайлоочулардын 30 пайызы (1 миллион 69 миң жаран) катышышы керек болчу.

Президенттик башкарууну 81,19 пайызы, ал эми парламенттик башкарууну 10,71 пайызы тандаган. Баарына каршы болгондор 4,39 пайызды түздү.

Президенттик шайлоо жана референдум

Бүгүн өлкө боюнча 2 474, ал эми чет өлкөдө 48 шайлоо участкасы иштеди. Жалпы жонунан 3 563 574 кыргызстандык добуш берүү укугуна ээ болгон.

Мамлекет башчылыкка 17 талапкер ат салышып, алдын ала жыйынтык боюнча Садыр Жапаров алдыга озуп чыкты.

 

up