06:57, 24 апрель 2024 Шр

«Жалпы иш» коомдук фонду түшкө чейин 30 мыйзам бузууну каттады

Кезексиз президенттик шайлоо учурунда «Жалпы иш» коомдук фонду түшкө чейин 30 мыйзам бузууну каттады. Бул тууралуу аталган фонддон кабарлашты.

Уюм өлкө аймагындагы 500 шайлоо тилкесине көз салууда. Эртең мененки саат 8:00дөн 13:00гө чейин шайлоо тилкелери убагында ачылбаганы, байкоочулардын жана шайлоочулардын укуктары тебеленгени, техниканын иштешине жана уюштуруу иштерине байланыштуу мыйзам бузуулар аныкталган.

Фактылар боюнча жергиликтүү шайлоо участокторунун башчыларына, Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берилди.

Анын ичинде 4 факт аймактык шайлоо тилкелеринин саат 07.00дөн кийин ачылгандыгын көрсөтөт:

  • №4047 Нарын облусу Нарын району;
  • №7334 Жайыл району;
  • №4065 Нарын областы, Нарын шаары.
  • №4026 Нарын облусу, Ат-Башын району;

7 факт бюллетендерди кайра саноо жок экендигин көрсөтүп турат:

  • №3015 Ысык-Көл областы, Балыкчы шаары;
  • №1104 Бишкек шаары. Октябрь району;
  • №1114 Бишкек шаары Октябрь району;
  • №5439 Ош областы Алай району;
  • №5119, Ош областы, Алай району;
  • №2447 Жалал-Абад областы Базар-Коргон району;
  • №4149 Нарын облусу Кочкор району.

7 факт УШКнын жыйыны болбогондугун көрсөтөт:

№ 8019 Баткен областы, Лейлек району;

№4016 Нарын областы, Ат-Башы району.

№УШК Ош областы, Алай району.

№5467 Ош областы Кара-Кулджа району;

№4149 Нарын облусу Кочкор району;

№7401 Чүй облусу, Аламүдүн району;

№7171 Чүй облусу, Аламүдүн району.

2 факт байкоочулардын укуктарын мыйзамсыз бузгандыгын көрсөтөт (жоюлган);

№4116 Нарын облусу Жумгал району;

№6051 Талас областы, Бакай-Ата району.

Мындан тышкары, 1 факт шайлоо тилкесинин ачылбагандыгы боюнча.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №3140 тилкесинде байкоочуга карата коркутуу, кысым көрсөтүү болгон.

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы № 5467 тилкесинде пара берүү фактысы катталган.

«Жалпы иш» коомдук фонду бардык шайлоо катышуучуларын мыйзам бузуулар жөнүндө тез чара көрүү боюнча координациялык топко кабарлоого чакырат.

5-январда аталган фонд президенттикке ат салышып жаткан айрым талапкерлерди мыйзам бузганы боюнча 53 факты бар экенин кабарлаган.

up