02:47, 26 апрель 2024 Жм

Президенттик шайлоо: Түштүк Кореяда добуш берүү жыйынтыкталды

Түштүк Кореянын аймагындагы №9042 шайлоо участкасында добуш берүү аяктап, жыйынтыгы социалдык тармактарга жарыяланды.

Аталган аймак менен Кыргызстандын ортосунда 3 саат айырмачылык бар. Мындан улам Түштүк Кореяда добуш берүү жыйынтыкталды.

Социалдык тармакта тараган сүрөттөрдөн 163 шайлоочу катышканын көрүүгө болот. Алардын 63ү Садыр Жапаровго добуш беришкен. Ошондой эле Адахан Мадумаровго 29 адам, Бабуржан Төлбаевге 18, Мыктыбек Арстанбекке 14 адам, Клара Сооронкуловага 13 адам добуш берген. баарына каршы 2 адам. Калган талапкерлер 7ден кем добуш алган.

Кыргызстанда жалпы шайлоочулардын саны — 3 млн 558 миң. Шайлоочулар үчүн жалпы 2474 добуш берүү участкасы уюштурулган. Анын 48и чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө жайгашкан.

up