20:34, 23 апрель 2024 Шш

Талапкерлердин шайлоо фондуна 112 млн. сом түштү. Кимиси көп чогулткан

Президенттикке ат салышкандардын шайлоо фондуна 112 миллион сом келип түштү. Бул туурасында БШКнын алдындагы көзөмөлдөө, текшерүү тобунун жетекчиси Гүлнара Батырова билдирди.

Бул сумманын жарымынан көбү Садыр Жапаровго таандык, анын фондуна 60,53 миллион сом жыйналган. Экинчи орунда 14,22 миллион сомдук фонду менен Бабыржан Төлбаев турат. Андан кийинки саптарга Имамидин Ташов (4,9 миллион сом), Абдил Сегизбаев (4,5 миллион сом) илинген. Калган талапкерлердин фондуна түшкөн каражат төрт миллион сомго жеткен эмес.

Белгилей кетсек, шайлоочулардын бир пайыздан жогорку добушун алган талапкерге шайлоо күрөөсүнө төккөн бир миллион сому кайтарып берилет.

Президенттик шайлоо жана референдум

Бүгүн өлкө боюнча 2 474, ал эми чет өлкөдө 48 шайлоо участкасы ачылган. Жалпы жонунан 3 563 574 кыргызстандык добуш берүү укугуна ээ.

Мамлекет башчылыкка 17 талапкер ат салышууда, кимиси шайлоочулардын 50 пайыздан жогорку добушун алса жеңүүчү деп аныкталат.

Ал эми башкаруу формасын аныктоо референдуму өттү деп таануу үчүн шайлоочулардын 30 пайызы (1 миллион 69 миң жаран) катышышы керек.

Кыргызстандыктарга экиден бюллетень берилет: президенттикке талапкерлердин ысымы жазылган (ак түстө), экинчисинде башкаруу формасын аныктоо боюнча (көк түстө).

Шайлоо участкалары саат 8:00дө ачылып, 20:00дө жабылат.

 

up