06:06, 19 апрель 2024 Жм

18 миңден ашык адам шайлоо участокторунан тышкары аймактарда добуш берди

Кыргызстанда 18 миң 600 адам шайлоо участокторунан тышкары аймактарда добуш берди. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 9-январлдагы алдын ала шайлоого катышууга 21 миңден ашык жарандан арыз түшкөн.

Эреже боюнча ден соолугу начар жана майып жарандар, үйүнөн чыга албаган улгайган курактагы жарандар, ооруканада жаткан бейтаптар, абакта отургандар, кыштоолордо мал багып, айылга келүүгө мүмкүнчүлүгү жоктор БШКга арыз менен кайрылат.

Андан соң атайын кызматкерлер көчмө урналарды уюштуруп, шайлоодон бир күн мурда алардын жашаган жерине барып, добуш бердиртет.

Ошондой эле мындай добуш берүү укугуна алыс жакта кызмат өтөп жүргөн аскерлер, шайлоо күнү иштей турган ички иштер органдарынын кызматкерлери да ээ болот.

Бүгүн Кыргызстандагы бардык шайлоо тилкелери ачылып, президенттик шайлоо жана референдумга добуш берүү өтүп жатат.

Жалпы 2 миң 474 шайлоо участогу түзүлгөн. Анын ичинен 2 миң 428 шайлоо тилкеси Кыргызстандын аймагында болсо, 48 шайлоо участогу башка өлкөлөрдө.

Шайлоо жана референдумга 3 млн 563 миң 574 жаран катыша алат.

Шайлоого катышып жаткан талапкерлердин саны 17, алар:

  1. Жапаров Садыр Нургожоевич
  2. Исаев Канатбек Кедейканович
  3. Арстанбек Мыктыбек
  4. Сооронкулова Клара Сыргакбековна
  5. Ташов Имамидин Асамидинович
  6. Тагаев Рашид Бакирович
  7. Сегизбаев Абдил Кеңешевич
  8. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич
  9. Касенов Аймен Абдыталипович
  10. Кочкоров Улукбек Тойчубаевич
  11. Байгуттиев Жеңишбек Сейтбекович
  12. Абакиров Эльдар Курманбекович
  13. Асанов Курсан Сатарович
  14. Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич
  15. Жеенбеков Равшан Бабырбекович
  16. Калмаматов Бактыбек Орозалиевич
  17. Тольбаев Бабыржан Латиханович
  18. Иманалиев Каныбек Капашович.

Референдумда өлкөнүн башкаруу формасы аныкталат. Анда төмөнкү варианттар сунушталган:

— президенттик башкаруу;
— парламенттик башкаруу;
— бардык варианттарга каршы.

up