11:13, 29 март 2024 Жм

Артём Новиков шайлоо жана референдумда добуш берди

Артём Новиков шайлоо жана референдумда добуш берди — Today.kg

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков шайлоо жана референдумда добуш берди.

Өкмөттүн маалыматына караганда, Артем Новиков Бишкек шаарындагы № 122 атайын мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имаратындагы № 1102 шайлоо участогунда жарандык милдетин аткарды.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум өтүүдө. Түшкү убакытка карата шайлоого жана референдумга катышкандар 9,2 пайызды түздү.

up