07:35, 18 апрель 2024 Бш

Шайназаров: Шайлоочуларды автобустар менен ташуу фактысы текшерилип жатат

Президенттикке талапкерлердин бирине добуш берүү үчүн шайлоочулар автобустар менен Ысык-Көлгө ташылып жатканы тууралуу маалымат текшерилүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.

Бүгүн мыйзам бузуулар боюнча 11 кайрылуу түшкөн. Анын көпчүлүгү техникалык бузуулар боюнча болгон.

Шайназаров «карусель» ыкмасы колдонулуп жатканын да четке какты. Бир адам бир жолу гана добуш бере алат.

up