13:01, 23 апрель 2024 Шш

Садыр Жапаровдун акыркы жолугушуусу Бишкек шаарында, эски аянтта миңдеген элдин катышуусунда өттү

Садыр Жапаровдун акыркы жолугушуусу Бишкек шаарында, эски аянтта миңдеген элдин катышуусунда өттү — Today.kg


Президенттик шайлоого эки күн калды. Дээрлик бир айга созулган үгүт иштери аяктап, талапкерлер эл менен акыркы жолугушууларын өткөрүүдө. 10-январда Кыргызстанда парламенттик шайлоо. Аны менен бирге өлкөнү башкаруунун формасын тандоо алдында турабыз. Тактап айтканда, президенттик же парламенттик башкаруу!
Кандай башкарууну тандайбыз? Мындан ары кайсы башкаруу менен жашайбыз, аны эл өзүбүз чечебиз. Башка талапкерлер сыяктуу эле Садыр Жапаров да Кыргызстанды түрө кыдырып, эл менен жолукту. Талапкер 8-январда Бишкек шаарынын жашоочулары менен жолугушту. Жолугушуу эски аянтта, бир нече миңдеген шаар тургундарынын катышуусунда өттү. Эски аянтка чогулган эл – Садыр Жапаровду шатырата кол чаап шаңдуу тосуп алышты. 
Эл менен жакындан жолуккан Садыр Жапаров – адегенде сөзүн Бишкек шаарын өнүктүрүү боюнча программасын айтуу менен баштады. Андан соң эл тарабынан берилген суроолорго токтолду. Албетте, билинбегени менен Бишкек шаарында чечилбеген көйгөй көп. Элдин берген суроолору да ошол айлап, жылдап чечилбей келе жаткан көп жылдык көйгөйлөр. Эл берген суроолордун ар бирин өзүнчө тиркеп, президент болуп калса, көз жаздымда калтырбай чечүүгө аракет жасаарын баса белгиледи. Садыр Жапаров Бишкектеги көйгөйлөрдү да кароосуз калтырбасын билдирди. 
“Борбор калаабыз Бишкек шаары өлкөбүздүн жүрөгү. Баарыбыз Бишкек шаарына байырлайбыз. Бишкек шаары жакынкы жылдары гүлдөгөн жашыл шаарга айланууга тийиш. Кудай буюруп, сиздер колдоп президент болуп калсам, Бишкек шаарын гүлдөгөн шаарга айлантууга бар күчүмдү жумшайм. Жакынкы жылдары күбө болосуздар. Өзгөрүүнү жакынкы убактарда сезесиздер!” – деди Садыр Жапаров.
Ошондой эле ички мигарция, элдин шаарга токтоосуз агылуусу боюнча да суроо берилип, ал суроого: “Биздин аймактарды өнүктүрүү боюнча программабыз бар.  Ал программа мен президент болгон күндөн баштап иштеп баштайт. Ага ылайык, Кыргызстандын 7 облусуна көп кабаттуу үйлөрдү курууга, чакан фабрикаларды ачууга аракеттерди жасайбыз. Инвестрлор менен тыгыз иштешебиз. Биринчи облустарга иш орундарын түзүп, аймактардын инфраструктуралык абалын жакшыртып алсак, ички миграция токтойт!” – деди Садыр Жапаров. 
Мектеп, бала бакчалардын жетишсиздиги боюнча берилген суроого талапкер ал маселе чечиле турганын, инвесторлор менен буга чейин сүйлөшүүлөр болгондугун айтты. 
Эл алдына чыгып, сөз алып сүйлөгөн “Гармония” атындагы орус коомдук маданий борборунун жетекчиси Александр Степанюк, Кыргызстан көп улуттуу өлкө экенин, кайсыл улуттун эли болбосун бардыгы тең Кыргызстандын өнүгүшүн, элдин тынчтыгын тилешээрин, мамлекетти сүйүп, элди урматташаарын айтып, Садыр Жапаровго жеңиш жана ийгилик каалады.  


Аткаруучу: «Маалымат агенттиги Today.kg»; дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Горький кочосу 27/1.
Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.
Нускасы: 1. 2021-жылдын 8-январда даярдалды. 
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

 


 

up