08:21, 25 апрель 2024 Бш

Садыр Жапаров: Биздин душманыбыз - экономикалык кризис!

Садыр Жапаров: Биздин душманыбыз - экономикалык кризис! — Today.kg

– Садыр Нургожоевич, шайлоого чейин саналуу гана күндөр калды. Чоочулап турасызбы?

– Чынын айтайынбы? Чоочулоо деген жок. Мен биздин даанышман элибизге, анын эркине, духуна жана баарыбыз кабылган кырдаалды түшүнө билерине ишенем! Буга чейин да айткам, дагы бир жолу кайталап коёюн, бардыгыбыздын самаганыбыз бир гана нерсе – Кыргызстаныбыз гүлдөгөн мамлекетке айланып, жашаганга ыңгайлуу, коопсуз өлкө болсо экен тилек.

– Сиз кимди өзүңүздүн башкы оппонентиңиз деп эсептейсиз?

– Президенттик кызматка талапкер болуп жаткандардын баары тең – татыктуу атаандаштар. Алардын бардыгы эле биздин элдин жашоосун жакшы жагына өзгөртсөм деп турган азаматтар. Биздин душманыбыз – экономикалык кризис! Күрөшө турчу нерсе – мына ушул!

Мен, ким жеңиште утуп чыкпасын калгандардын бардыгын ийри отуруп – түз кеңешкенге чогултуу керек деп эсептейм. Ар бирибиздин өзгөчөлүктөрүбүз бар, ортого сала турган туура, пайдалуу кеңештерибиз да бар. Биз, өлкөдөгү саясий кырдаалды турукташтыруу үчүн саясий ымалага келгенибиз оң. Экономика менен тыгыз алектенсек. Дал ушундай тартипте иштегенибиз зарыл болуп турат. Саясий туруктуулук болбой туруп, экономикалык кризистен чыгууга багытталган иш-аракеттерден түк майнап чыкпайт.

– Конкреттүү айтканда, сиз экономикалык кризистен чыгуунун жолун кандайча көрөсүз?

– Кадрлар аркылуу. Кадрлар гана жарайт. Жаңы президент жөн гана өз ишинин адистерин эмес, мамлекеттик башкарууда да тажрыйбасы бар чыныгы профессионалдардын командасын чогултууга милдеттүү.

Кыргызстанда бийлик алмашкан сайын опурталдуу, жакшылыкка алып барбаган бир салт орноодо. Бул профессионал кадрларга, башкаруучуларга акаевдики, бакиевдики, атамбаевдики деген жарлыктарды чаптамай өнөкөтү. Аларды ошон үчүн гана кууп чыгуу же өч алуу – эч бир алкакка сыйбайт. Ошентип атып биз мамлекеттик башкаруу системасындагы профессионалдарды гана жоготпой, бүт системанын өзүн талкалап салдык. Бизге азыр ошол кадрлар аба менен суудай керек болуп турат.

Туура, алардын көпчүлүгү ар кайсы долбоорлордо, чет өлкөлөрдө жүрөт, кимдир бирөөлөрү жумушу жок отурат. Биз алардын баарын бир командага чогултуп, өлкөнү кризистен чыгарышыбыз керек. Туура жол – ушул гана!

Саясий жана жеке амбицияларыбызды, жеке кызыкчылыгыбызды четке кагып туруп, бардык көңүлдү биздин башкы душманыбыз – экономикалык кризис менен күрөшүүгө бурган оң.

Жаз да жакындап калды. Кыязы, ал да оор болчудай. Бардык көйгөйлөрдү биз бир-эки айда чечип салабыз, баары ойдогудай сонун боло калат деп айтуу акмачылык. Жок. Андай болбойт! Алдыбызда чоң, олуттуу сыноолор турат. Анын баарын майтаруу үчүн тикебизден тик туруубуз керек.

Кадрлар туурасында кошумчалай кетейин. Ар бир талапкердин командасында биздин элге, өлкөгө бүгүн абдан керек болуп турган профессионалдар бар экенине

ишенем. Анын үстүнө алар шайлоо алдындагы кампаниянын алкагында мамлекеттик башкаруудагы жана элдин жашоо турмушундагы эң эле маанилүү жана татаал чөйрөлөрдү иликтеп чыгышты. Ар биринин көз карашы, сунуштары бар. Кризистен чыгуу боюнча ишке мына ушул кадрлар сөзсүз тартылышы зарыл. Алардын бүт сунуштары жана көз караштары талкууга алынып, иштелип чыгылууга тийиш.

– Темадан четтейли, көптөгөн шайлоочулар сизди “жөн эле – Садыр!” – деп коюшат. Бул намысыңызга тийбейби?

– А эмне үчүн бул менин намысыма тийиши керек? Мен эч кимден, мисалы, сизден же башка бирөөлөрдөн, шайлоочулардан, соратниктеримден же Кыргызстандын жарандарынан өйдө эмесмин. Мени Садыр дегиңер келеби, дей бергиле. Эң башкысы, Кыргызстан эли бактылуу болсо болду! Президентти кантип чакыраары маанилүү эмес.

Билесизби, 30 жыл ичинде бийлик элден, реалдуу жашоодон ушунчалык алыстап кеткен экен, биздин терең кризиске батканыбыздын, үч жолу бийликти оодарып түшкөнүбүздүн себеби, так мына ушул болду. Адам – мамлекетке эмес, мамлекет – адамга иштеши керек. Бул жараксыз айлампаны талкалап туруп, биротоло чекит коюуга адамдын, элдин кызыкчылыгын биринчи орунга коюуга убакыт жетти!

– Жакшы экен. Мейли, Садыр – президент болду дейли. Андан ары эмне болот? Сиз шайлоо алдындагы кампанияңызда айткан бардык өзгөртүүлөрдү жүргүзө баштаганга чындап эле даярсызбы?

– Менде башка тандоо жок! Ушинтип айтканым туура го!? Мен айткан бардык нерселер бул менин тандоом, менин тагдырым. Мындан башка жолду мен көрбөй турам. Билесизби, Фейсбукта мен ата мекендик укук коргоочу Эржан Сулеймандын: “Биздин Кыргызстандагы балдардын кыялдары сөзсүз орундалат!” – деп айтканына көзүм түшүп калды. Бул абдан туура айтылган, дал ушундай болушу керек. Мен Эржан менен тааныштыгым жок, бирок ал ушул эки ооз сөзү менен менин кыялымды, максатымды, мен кылып жаткан иштин бүткүл маанисин айтып коюптур. Ошондуктан мен үчүн биздин балдардын, жаштарыбыздын өз мекени Кыргызстанда калуусу, абдан чоң турмуштук мааниге ээ. Алар ушул жерде гана кыялданып, анын баары ушул жерде гана ишке ашса экен деп тилейм!

Аткаруучу: «Маалымат агенттиги Today.kg»; дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Горький кочосу 27/1.
Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.
Нускасы: 1. 2021-жылдын  8-январда даярдалды. 
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

 

up