09:55, 19 апрель 2024 Жм

ЭЛДИК ЛИДЕР САДЫР ЖАПАРОВ КАРА-СУУ ЭЛИНИН АК БАТАСЫН АЛДЫ

 ЭЛДИК ЛИДЕР САДЫР ЖАПАРОВ КАРА-СУУ ЭЛИНИН АК БАТАСЫН АЛДЫ — Today.kg

6-январда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Садыр Жапаровдун үгүт кербени калкынын санынын көптүгү боюнча,республикадагы райондордун сап башында турган Ош облусунун Кара-Суу районунуна барып, жергиликтүү эл менен жолугушту. 

Аба-ырайынын катаалдыгына карабастан, талапкердин шайлоо алдындагы платформасы менен таанышып, өздөрүнүн көйгөйлүү маселелерин айтууга келген көп улуттуу Кара-Суу районунун 6 000ге жакын тургуну Садыр Жапаровду кызуу тосуп алышты. 

Алгач, жолугушууга келген элге Садыр Жапаровдун үгүт компаниясы тарабынан даярдалган “Улуу күрөш” документалдуу тасмасы көрсөтүлдү. Бул тасмада Садыр Жапаровдун эл таламын талашып чындык, акыйкаттык үчүн күрөшү жана анын айынан бийликтин куугунтугуна кабылып камакка алынганы, ошол учурда жашоодогу эң баалуу адамдары ата-энесинен, уулунан айрылганы баяндалган. Тасмакөпчүлүк элди таасирлентип, миңдеген эл көздөрүнө жаш алды. 

Андан соң эл алдына чыккан Садыр Жапаров чогулган элге ыраазычылык айтып, сөз сүйлөдү. Ал, өз сөзүн шайлоо программасынан баштап, андан соң Кара-Суу районунундагы орчундуу маселелерге токтолуп, аларды чечүүнүн жол-жоболорун айтты. 

Ошондой эле алдыда оор жана жоопкерчиликтүү милдет турганын, эңшерилген экономика, ордунан козголбой турган тышкы карыз, социалдык маселелер, тамырлап кеткен коррупция – алдыга кадам таштоого чоң тоскоолдук жаратаарын кошумчалады. Мына ушул татаал сыноодо жаркын келечек курууга аракеттенип, мамлекетибиздин эркиндигине, элибиздин бакубат жашоосуна салым кошом деген ар бир жаранды өзү менен бирге сапарлаш болууга чакырык таштады. 

30 жыл бою калктын казынасына суук колун салып, элдин энчиси менен эсепсиз байыган бир ууч топтун катуу каршылыгы азыртан башталганын, булар менен күрөшүү чоң саясий эркти, бекемдикти талап кылаарын айткан Садыр Жапаров – жалпы элге кайрылып, өзүнүн наамына карата айтылып жаткан ар кандай каралоолорго, ушак-айыңдарга ишенбесин өтүндү. 

Кайрылуудан соң чогулган эл менен талапкердин ортосунда диалог орун алып, эл арасынан суроолор, сунуштар арбын айтылды. Мүмкүнчүлүктүн жетишинче кенен жооп берүүгө аракеттенген талапкер, кимдир бирөөнүн суроолору жоопсуз, же суроо берүүгө жетишпей калган болсо, интернет баракчалары аркылуу жооп берээрин билдирди. 

Убактысынын тардыгына карабай жети дубанды кыдырып, эл менен жолугуп, жергиликтүүлөрдүн арыз-армандарын жеринен угуп жатканын кубаттаган Кара-Суу эли – Садыр Жапаровго ийгилик каалап, алдыдагы шайлоодо жеңишке жетишине тилектештигин билдиришти.

Аткаруучу: «Маалымат агенттиги Today.kg»; дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Горький кочосу 27/1.

Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.

Нускасы: 1. 2021-жылдын 07-январда даярдалды. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

up