13:12, 24 апрель 2024 Шр

САДЫР ЖАПАРОВ: ЖАШТАРГА ШАРТ ТҮЗҮҮ  – МАМЛЕКЕТТИН БАШКЫ МИЛДЕТИ!

САДЫР ЖАПАРОВ: ЖАШТАРГА ШАРТ ТҮЗҮҮ  – МАМЛЕКЕТТИН БАШКЫ МИЛДЕТИ! — Today.kg


«Эртеңки келечек ээлери, Кыргызстандын жаштары! Мен сиздердин адистик алып, Мекенде иштөөгө кааларыңыздарды жакшы билем! Сиздер өлкөдө болуп жаткан окуяларга кайдыгер эмессиздер жана дайыма чечкиндүү аракеттерге даярсыздар! Өлкө сиздердей максатка, билимге умтула билген, адилеттүулүктү туу туткан, өнөрдүн түрдүу тармагына кол сермеген сиздердей жаштар менен сыймыктанат! Сиздер бар болгон үчүн гана биздин өлкө келечекке ишенимдүү кадам таштоодо!” - Садыр Жапаров.   

Жаштар өз мекенинде жумуш табуусу үчүн экономикалык көйгөйлөрдү чечүү керек
Тышкы миграция көйгөйү 30 жылдан бери келаткандыктан, аны бир жылда чечип коюуга мүмкүн эмес, андай убада берүү да акылга сыйгыс. Тилекке каршы, мамлекеттик казына таңкыстыкка кептелип, биз экономикалык кризистин кучагында турабыз. Биз мигранттарыбыз өз мекенинде калып иштөөсу үчүн экономикалык көйгөйлөрдү чеч башташыбыз керек, - дейт президентикке талапкер Садыр Жапаров.  
Өзүнүн маектеринин биринде талапкер Жапаров миграция маселеси жүрөгүн абдан өйүп келатканын моюнга алган эле.
«2017 -жылы мен Кыргызстанга келгенге чейин Москвада 9 ай туруп калдым. Кыргыздар жашап иштеп жаткан россиялык шаарлардын баарын кыдырып чыктым. 2008-жылы да ошол жакта болгон элем. Ошондо үч бөлмөлүү бир батирде 33 адам аял эркек болуп аралаша жашашканын көргөм. Ал эми 2016-жылы ушундай эле батирде 13-14 адам жашап калыптыр. Алардын арасында мен да жашадым. Ошондуктан мигранттардын көйгөйүн мен абдан жакшы билем”, - дейт Жапаров.  
Президентикке талапкер кырдаалдан чыгуунун жолун улуттук долбоорлорду ишке киргизүүдөн көрөт. Менин эсептөөлөрүм боюнча алар 2-3 жылдан кийин киреше алып келе баштайт. Бул үчүн саясий туруктуулук жана элдин колдоосу керек. 
“Биз кайсы гана долбоорду же ишти баштабайлы, анын баары элдин гана жыргалчылыгына иштейт. Мен жеке кызыкчылыкты көздөбөйм. Ачкөздүктү да четке кагыш керек. Ушул келе жаткан жазда эч кандай тышкы катышуусу жок улуттук долбоолор ишке киргизилүүгө тийиш. Аларда Кыргызстандын гана жарандары иштеши керек”, - деп эсептейт Садыр Нургожоевич. 
Садыр Жапаров максатка умутула билген жаштар бар үчүн гана Кыргызстан келечекке ишенимдүү кадам таштап жатканын баса белгилейт! Ал эми жаш кыргызстандыктарга шарттарды түзүп берүү – мамлекеттин негизги милдети болууга тийиш.   
Кыргызстан аалам рыногуна билим экономикасын жылдыра турган өлкө болууга тийиш
Кыргызстанды өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясынын алкагында биздин алдыбызда жаңы экономикалык түзүлүш – билим экономикасына өтүү милдети турат. Акыркы жылдардагы дүйнөлүк кризис билим экономикасынын биринчи орунга чыгып баратканын көрсөтүүдө. Бул дүйнөлүк экономика кайсы багытта бара жатканы, өзүбүздүн экономиканы колдоого алуу үчүн бизге кандай стратегиялар зарыл экенин көрсөтө турган билим. Башкаруунун заманбап формаларын, жаңы технологияларды, материалдарды жана товарларды чыгаруу, рыноктун коньюуктурасынын өзгөрүп туруусу жөнүндөгү билим.  Адистердин аралыктан туруп иштөөсү бүгүн кадыресе көрүнүшкө айланды. Кыргызстанда дүйнөлүк бренддер менен иштешип жаткан жаштардын саны арбууда. Өлкө жаштары эч кайда чыкпай туруп эле жумушка орношо ала турган шарттар жаралууда, - дейт өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөздөрүнүн биринде  Садыр Жапаров. 
Билим берүү тармагын өзгөртүү, массалык жана жеке билим берүү долбоолорун колдоого алуу, илимий долбоорлорго жана демилгелерге өзгөчө көңүл буруу мамлекеттик саясаттын стратегиялык жактан маанилүү бөлүгү болууга тийиш, - деп белгиленген талапкердин программасында. 
ЕАЭБдын алкагындагы позицияларды күчөтүү – Кыргызстандын элинин кызыкчылыгы үчүн саясий эркти көрсөтүү
ЕАЭБдын алкагындагы позицияларды күчөтүү – Кыргызстандын элинин кызыкчылыгы үчүн саясий эркти көрсөтүү, экономикалык позицияларды күчөтүү, ички рынокту кайра иштеп чыгаруу, сырьесуз өнөржай, билим экономикасынын продукцияларын өндүрүү багыттарына ылайык өнүгүүсүн жана жаңы сата турган рынокторду камсыздоо болуп саналат. Талапкер С.Жапаровдун шайлоо алдындагы программасына мына ушул багыттар киргизилген.  
Мамлекеттик башкаруу системасына жаш профессионалдар керек! 
Садыр Жапаров мамлекеттик башкаруу системасына жаш профессионалдар зарыл экенин баса белгилейт. 
“ Президенттик шайлоодон кийин мамлекеттин жаңы башчысы жаңы команда топтойт. Кыргызстанда тажрийбасы мол кесипкөйлөр, таланттуу жаштар четтен чыгат.   Бирок саясий оюндардан, негизги кызматтарга тууган-уруктар, достор, достордун туугандары дайындалып жаткандыктан, анан калса, кызматтар кадимкидей сатылып жаткандан улам чыныгы иш билги адамдар четке чыгып калышкан. Ошондуктан биз аларга шарт түзүп берип, мамлекеттик кызматтарга дайындоонун ачык сынактык системасын камсыз кылабыз”, - деп белгилеген өзүнүн маегинде талапкер. 
Садыр Жапаровдун ишениминде кадр саясаты ачык-айкындуулук, мураскерлик жана профессионалдуу -адептик принциптер боюнча жүргүзүлмөкчү. Мамлекеттик жана жетекчлик кызматтарга ачык сынактын негизинде профессионалдар гана тандалып алынат жана дайындалат. Мураскерлик принциби бизге Кыргызстандын элинин кызыкчылыгындагы долбоорлорду жана программаларды ишке киргизүүгө жана өз тармактарында узак жылдар ийгиликтүү иштеген профессионалдардын тажрийбасын жана даанышмандыгын жаштар үчүн сактап калууга мүмкүнчүлүк түзөт.   
Жаштар! Активдүү болгула! 
Өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөздөрүнүн биринде Садыр Жапаров жаштарды активдүү болууга, коомдук бирикмелерди түзүүгө жана мыйзамды жетекчиликке алуу менен элге кызмат кылууга тийиш болгон мамлекеттик бийлик органдарынын ишин көзөмөлгө алууну ишке ашырууга чакырган. 

Аткаруучу: «Маалымат агенттиги Today.kg»; дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Горький кочосу 27/1.
Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.
Нускасы: 1. 2021-жылдын 03-январда даярдалды. 
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).


up