19:48, 28 март 2024 Бш

Садыр Жапаров:  “Дүйнөдөгү эң начар саламаттыкты сактоо тармагы Кыргызстанда. Баарын башынан баштоо керек”

Садыр Жапаров:  “Дүйнөдөгү эң начар саламаттыкты сактоо тармагы Кыргызстанда. Баарын башынан баштоо керек” — Today.kg


 

Эң башкысы – ден соолук экенин быйылкы жыл ашыгы менен айгинелеп койду окшойт. Жер жүзүн каптаган пандемия ден соолук сакчыларынын кадыры канчалык экенин көрсөттү. Ал гана эмес, саламаттыкты сактоо тарамагында 30 жылдан бери топтолуп келе жаткан көйгөйдүн баарын ачыкка чыгарып, ал жактагы эбегейсиз коррупциянын деңгээли шардана болду. Чечкиндүү реформалар жасалбаса, калк саламаттыгы коркунучта экенин ачыктады. Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун бул боюнча ойлору кандай? 
- Быйылкы пандемия медицинабыздагы болгон көйгөйдүн баарын ачыкка чыгарды. Бул тармакты кантип оңдойбуз?

- Саламаттыкты сактоо тармагындагы абал билим берүүдөгүдөн да оорураак. 30 жыл ичинде реформалайбыз деп атышып бул тармакты таптакыр талкалап салышкан. Жаңы бир нерселерди жасайбыз деген аракет менен саламаттыкты сактоонун дүйнөлүк үч системасынын ары жак бери жагынан бирдемелерди алымыш этишкен, бирок тармак оңоломок турсун, мокочого айланып калган.  Дүйнөдөгү эң начар, жараксыз саламаттыкты сактоо тармагын элестеткиңиз келсе, анда ал Кыргызстанда дей бериңиз. Мунун баарын жокко чыгарып, кайра башынан баштоо керек. Маселен, акыр-чикирге толгон батирди элестетип көрүңүз. Анын баарын ыргытып, тазалап чыкмайынча ремонт жасаганга болбойт! Бул жерде да так ошондой абал. 
- Саламаттыкты сактоо тармагы боюнча айтылган сындар көп учурда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен байланыштуу. ММКФ (ФОМС) боюнча оюңуз кандай?
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун карап чыгыш керек! Дегеле бул эмне болгон структура, кылган иши эмне, акчаны кантип чогултат, кайда жумшайт? Жүздөгөн бирин бири кайталаган функциялар бар, бюрократия дегенден үрөй учат. Ошондой болгону менен чечим кабыл алып, ага жооп бере турган борбор жок. Муну пандемия кырдаалы ачык көрсөттү. Бизде эмне үчүн баары кыйрап жатат? Бул дары-дермектин, керебеттердин же врачтардын гана жетишсиздигинен эмес. Жадагалса, системасы кандай иштеп жатканын Саламаттыкты сактоо министрлиги өзү да тыңгылыктуу билбейт. Анан врачтардан биз эмнени талап кыла алабыз? Ошондуктан биз ал жактагы көйгөйдүн баарын чечип, толук тартипке салмайынча, врачтарды да эч ким үйрөтпөйт. Анткени баары өз ара байланышта. Бүгүн өзгөрүүлөрдүн, чечим кабыл алуулардын ылдамдыгы болуп көрбөгөндөй чекте кысылыш болуп турат. Бат жана чечкиндүү аракет кылыш керек. Бюрократияны, иштин көзүн билбегендикти, жек-жааттыкты, коррупцияны жоюу зарыл. Бүттү. Былжырап отурганга убакыт жок. 
    - Бул тармакты оңдоо үчүн кандай конкреттүү пландарыңыз бар?
- Саламаттыкты сактоо системасы боюнча – райондук врачтын статусун, анын ишин каржылоону кайтаруу керек. Саламаттыкты сактоо обүектилерин тик башкарууну калыбына келтирүү зарыл. Каржылоону бөлүштүрүү системасын кайрылуулардын саны боюнча эмес, көрсөтүлгөн медициналык тейлөөнүн сапаты боюнча кылуу керек. Улуттук мамлекеттик медициналык борборлордун профилдик багытын кайтаруу зарыл. Ооруканалардын жана поликлиникалардын администрацияларына ыкчам аракет кылуу укугун берүү менен каржылоону чыгымдардын бекитилген статьялары боюнча бөлүштүрүүнү жокко чыгаруу абзел. Саламаттыкты сактоо тармагынын бюджетин эки эсеге көбөйтүү керек. Айтор, кыла турган нерсе көп.  
- Дарыгерлердин социалдык абалы да чынында суктанарлык эмес. Алардын жашоосун жеңилдетүү үчүн эмне кылуу керек?
- Мен саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарынын адистери менен жолуккам. Абдан узак жана кенен сүйлөшүү болгон. Алар мага көп жылдардан бери чече албай келаткан көйгөйлөр туурасында айтып беришти. Мугалимдер менен дарыгерлердин көтөргөн көйгөйлөрү негизнен окшош. Медицина кызматкерлери үчүн ипотека, эл керектөөчу товарларды, анын ичинде компьютердик техника алуу үчүн жеңилдетилген насыялык пакеттерди иштеп чыгуу жана киргизүү зарыл. Бардык мугалимдер менен врачтардын социалдык жеңилдиктеринин тизмегин кеңейтүү жана аларды камсыз кылуу. Булар: коммуналдык тейлөө, коомдук транспортто жүрүү жана милдеттүү жана зарыл болгон чыгымдардын башка статьялары. Сиңирген кызматын эске алуу менен пенсияларды жогору жагына карата эсептөө системасын кайра карап чыгуу керек. Айлык акылардын базалык өлчөмүн көбөйтүү кажет.

 

Аткаруучу: «Маалымат агенттиги Today.kg»; дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Горький кочосу 27/1.
Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.
Нускасы: 1. 2020-жылдын 30-декабрьда даярдалды. 
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

 

 

up