15:28, 29 март 2024 Жм

Садыр Жапаров: “Бюджетти толтурушубуз керек, бирок жаратылыштын жана элибиздинн ден соолугунун эсебинен эмес!”

 Садыр Жапаров: “Бюджетти толтурушубуз керек, бирок   жаратылыштын жана элибиздинн ден соолугунун эсебинен эмес!” — Today.kg

Кыргызстандын экологиялык коопсуздугу – келечектеги ѳнүгүү. Ушул принциптин алкагында биз булганууга жол берилген нормативдерди кайра карап чыгабыз. Мындан тышкары, экологиялык кооптуу ишканалардын тизмесине кирген бардык ири ишканалардын ишине терең жана калыс экологиялык аудит жүргүзөбүз. Мамлекет өндүрүшчүлөргө жаратылышка зыян келтирбеген жаңы технологияларды пайдаланууга колдоо көрсөтүүгө тийиш. Бул чараны ишке ашырууда Ата Мекендик жана чет мамлекеттик ишканалар бирдей тартипте каралат.
(С. Жапаровдун шайлоо платформасынан)

Саат санап өнүккөн технология, тынымсыз иштеген завод-фабрикалар экологияга эбегейсиз сокку уруп, көмүрдөн, унаалардан чыккан түтүн, желим буюмдарды күйгүзүүдөн пайда болгон ис жана бир жолу колдонулган желим буюмдардан пайда болгон глобалдык таштандылар жер шарынын экологиясын олуттуу жабыркатууда. Ушундан улам жер планетасындагы биосферанын экологиялык тең салмактуулугун сактоо, жаратылыштык жандуу жана жансыз байлыктарды сарамжалдуу пайдалануу, айлана - чөйрөнү коргоо, жердин деградациясын азайтуу, табигый экосистемаларды калыбына келтирүү жана коргоо маселелери адам баласынын алдыдагы эң чоң маанилүү проблемасы болуп турат. 

Кыргызстандагы кырдаал...
Кыргызстан да аталган көйгөйдөн куру эмес. Акыркы изилдөөлөргө ылайык, Бишкек шаары дүйнөдөгү абасы булганган шаарлардын сап башына чыкты. Бул кабар шаар тургундарын тынчсыздандырып, тиешелүү мамлекеттик мекемелер шаарды түтүндөн куткаруунун жол-жоболорун издөөдө. Мындан тышкары өлкөнүн чар тарабында көйгөй жараткан экологиялык маселелер арбын. Тагыраак айтсак, мөңгүлөрдүн тездик менен эрип жатышы, талаптагыдай иш жүргүзбөгөн тоо-кен ишканаларынын айынан табияттын жабыркашы, токойлордун кыйылышы, толук иштетилбеген уран калдыктарын сактоочу жайлардагы кооптуу абал буга бирден - бир далил. Мунун кесепетинен калктын саламаттыгына доо кетип,  Кыргызстандагы өлүмдүн 14 пайызы экологиянын булганышына байланыштуу болоору иликтенген. 
Өлкө эгемендикке ээ болгондон тарта ондогон ири кен-байлыктар жең ичинен сатылып, аларга ээлик кылган тараптар эч кандай экологиялык да, техникалык да нормаларды сактабастан каалагандай ишетип келишти. Буларды көзөмөлгө алган мамлекеттик органдардын оозу акча менен майланып, талап кылмак түгүл, тескерисинче алардын таламын талашып, жактоочу болуп алышкан. Ушундай өзүмбилемдик жана кайдыгерликтин кесепетинен Кыргызстан экологиялык кризиске кептелип, аны жоюунун чыгымы асман-айды чапчыган каражаттын керектелишин талап кылууда. Бул тууралуу, Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Садыр Жапаров өз ою менен төмөндөгүдөй бөлүшкөн;


“Айлана-чөйрөнүн абалы да мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжасыздыгынын, коррупциянын, кадрлардын иш билбестигинин жыйынтыгы болуп саналат. Негизи эле бул тема абдан талылуу жана масштабдуу. Таштандыларды башаламан ыргытуу, Ыссык-Көлдөгү акыр-чикир, мунай заттардын төгүлүшү, мыйзамсыз токой кыюу, корук жерлерди басып алуу, Бишкектеги ишке киргизе албай жаткан таштандыны кайра иштетип чыгаруучу жана ылгоочу завод, таштанды таштоочу полигон, башаламан курулуш, ыш, техникалык-экологиялык талаптарды сактабагандык, дагы башка толгон-токой нерселер экологияга урулган чоң сокку. Азырынча экология үчүн коомдук уюмдар менен активисттер гана күрөшүп жатышат. Мындай күрөш мамлекеттик деңгээлде болууга тийиш” – деп айткан. 

Ошондой эле, талапкер Садыр Жапаров  экология маселеси бийлик башындагылардын көңүл сыртында калып, аны менен алектенүүнү экоактивисттердин моюнуна жүктөп койгонун да кошумчалаган:

 “Экологиялык маселелер көп жагынан экоактивисттердин аракетинен улам гана көтөрүлөт. Актвисттер учурда Бишкектин экологиясы туурасындагы маселени бекеринен көтөрүп жатышкан жок. Мен бул процесске байкоо салып турам. Экокарта – мыкты демилге. Бул, Кыргызстандын ар бир жаранына экологиялык көйгөй туурасында интерактивдүү режимде кабарлоого шарт түзөт. Бийлик мындай сигналдарга сөзсүз жооп кылып, териштирип, чара көрүшү керек. Мен, экоактивисттерге шайлоо алдындагы үгүт иштерим аяктагандан кийин бул багыттагы демилгелерди талкууга алуу үчүн жолугушууну сөзсүз сунуш кылам”  – деди. 

Кыргызстанда тоо-кен өндүрүшүндө да айрым учурда экологиялык коопсуздук маселеси көңүл сыртында калып, элдин нааразычылыгын жаратып келген. Бул боюнча да Садыр Жапаров чечкиндүү сөзүн айтып, кен иштеткен ишканалар мыйзам чегинде ишин кыла берсин, бирок экологияга байланышкан бардык шартты кынтыксыз аткарсын деген талапты коюп келет. 

“Бизде эң башкысы – адамдарыбыз, өзүбүздүн жерибиз, жаратылышыбыз бар. Биз башкы кам көрө турган нерселер ушулар! 
Биз кендерди олуттуу түрдө текшерип чыгышыбыз керек, лицензиялар кантип берилген, алар кандай шарттарда алынган жана өздөштүрүү кандай болгон, баарын текшеребиз. Бул жерде дагы эле экологиялык нормаларды сактоо туурасында кеп болот. Туура, биз бюджетти толтурушубуз керек, бирок аны биздин жаратылыштын жана адамдарыбыздын ден соолугунун эсебинен толтурбайбыз! Мен ошондуктан лицензия берүүгө мораторий жарыяладым”
– деген Садыр Жапаров мындан кийин экологияга өзгөчө көңүл бурулаарын так кесе айтты. 

Аткаруучу: «Маалымат агенттиги Today.kg»; дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Горький кочосу 27/1.
Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.
Нускасы: 1. 2020-жылдын 28-декабрьда даярдалды. 
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

 

up