19:46, 20 апрель 2024 Иш

САДЫР  ЖАПАРОВ  ЖАНА КЕЛЕЧЕККЕ КЫЗМАТ

САДЫР  ЖАПАРОВ  ЖАНА КЕЛЕЧЕККЕ КЫЗМАТ — Today.kg

  Ар бир адам ар нерсе туурасында кыялданат. Бул алардын эмнеге умтулуусуна көз каранды – кара башынын камын гана ойлоп, башкалардын эсебинен баюу же ак эмгек менен көшөрүп иштеп, өзүнүн улуттук таандуулугун сактап, элине кызмат өтөгүсү келеби, мына ушуга байланыштуу. 
Эптеп жан сактоо же ийгиликке жетишүү керекпи, аны биринчи кезекте өлкө жетекчилиги чечүүгө тийиш. Маселе, жетекчилик өз ишин канчалык билгичтик жана адилеттүүлүк менен аткарат, өзүн өлкөгө жана элге канчалык жакын сезет, ошондо. Акыры келип, анда өзүн-өзү сактоо инстинкти канчалык өнүккөн, ал канчалык ичип-жемей жана кооз жашоо каалоосунан жогору турат деген маселе да жатат. 
Биримдикке жетишүүнүн жакшы ыкмасы – жалпы баалуулуктарга негизделген жалпы иш. Бирок бай менен кедейдин, казына уурусу менен чынчыл эмгекчинин ортосунда кандай жалпылык болушу мүмкүн?   
Садыр Жапаров идеологиядан жогору турган этика (адеп дейли) негизин сунуштоодо. Ал өсүү системасын дал мына ушул негизде курууну сунуштайт. Антпеген күндө акчаны өнүккөн экономиканын тушунда деле уурдайм дегендер толтура. Экономика – системанын элементи.  
Экономика – бул адамдардын ортосундагы мамиле. Бакубат жана ишке жөндөмдүү системаны адамдардын ортосундагы мамилелер акча жана кызыкчылык менен эмес, принциптер жана этика менен жөнгө салынганда гана түзүүгө болот.   
Учурда дүйнөдөгү бардык өлкөлөр жана элдер үчүн келечек анчалык деле жаркын болбой турат: дүйнөлүк доллар системасы жана дүйнөлүк жандарм (көптөрү бул АКШ экенине ишенет) мамлекеттин кыйрашы менен аналитиктер эки типтеги мамлекеттердин: санариптик концлагерлери бар фашисттик режимдеги жана санариптик технологиялар чиновниктерди көзөмөлдөө, ошондой эле мамлекетти тейлөөнү жөнөкөйлөштүрүү үчүн социалдык багыттагы өлкөлөрдүн пайда болушун айтышууда. 
Келечекти куруу үчүн алгач планды сунуштап, анан стратегияга өтүү керек. Стратегия болушу үчүн идеология болушу шарт. Бизде мамлекет формалдуу түрдө идеологиясы, демек, өзүнүн келечек долбоору жок мамлекет. Мындай мамлекеттерди дүйнө кожоюндары бизге деле көз кырын салып коёр деген ой менен тарыхтан сүрүлүп калуу жазмышы күтүп турат. 
Келечекке кызмат – бүгүндөн башталат! 
Стратегиябыз бар... Садыр Жапаровдун мамлекет башчысы болгон 10 күндөй убакыт ичиндеги активдүү ишмердүүлүгүнөн улам, жылдар бою чечилбей келген бир канча актуалдуу маселелер жолго коюлду. Ошондой эле чиновниктерди тандоонун негизги критерийи, профессионалдуулук жана акыйкаттык боло турган келечектеги мамлекеттик түзүлүштүн негизин түптөп койду. Тажрыйбалуу адамдар жана жаштар үчүн социалдык тепкичтер түзүлүүдө. 

Аткаруучу: «Маалымат агенттиги Today.kg»; дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Горький кочосу 27/1.
Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.
Нускасы: 1. 2020-жылдын 25-декабрьда даярдалды. 
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

 

up