20:07, 24 апрель 2024 Шр

Россия Кыргызстанга кайтарымсыз 20 млн. доллар берет

Россия Федерациясы Кыргызстанга кайтарымсыз 20 миллион доллар берет. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, каражат бюджет дефицитин жабууга пайдаланылмакчы, анын ичине пенсия, жөлөк пул жана саламаттык сактоо тармагын каржылоо кирет.

Эми келишимдин долбоорун кыргыз тарап кабыл алып, жакынкы аралыкта кол коюлушу керек.

up