“Мен, касиеттүү Жалал-Абад жергесине, мунайчылардын куттуу шаары, Кочкор-Атага, Сиздердин батаңыздарга ээ болсом, ошондой эле биз менен идеялаштардын, мүдөөлөштөрдүн, тилектештердин катарын көбөйтүү үчүн келдим.
Анткени, алдыбызга койгон мекенчил мүдөөнү, ыйык жана бийик мүдөөнү жүзөгө ашыруу зарылчылыгы – бийик адамдык сапаттарга муктаж. Ошондуктан руханияты бийик мекенчилдерди, жүрөгүндө жалы бар шерлерди, акылга бай интеллектуал досторду издеп келдим!
Биз менен идеялаш, тилектеш, өзөктөш болуу деген – бул экономикасы очорулуп, белчесинен карызга баткан өлкөбүздү куткаруу үчүн карууну казык кылып ак иштөө!
Ала-Тоонун азаттыгы, ак калпак кыргыздын мамлекеттүүлүгү үчүн антка-шертке бекем туруу!
Кыргызстан достукту ыйык деп санаган көп улуттуу өлкө. Кыргыз эли жана ар кыл улуттун ардактуу өкүлдөрү достук менен ынтымак-ырыскыны бийик кармап, гүлдөгөн Кыргызстанды курууга аракет жасайт!
Келиңиздер, эзелтен келаткан ата-бабабыздын каада-салтын, нарк-насилин, акылман кептерин акылга түйүп, тынчтык үчүн, достук үчүн келечекке чогуу кадам таштайлы!
Алдыда боло турган шайлоодо өз талапкерлигимди көрсөтүп, Сиздер менен кеңешип, Сиздердин ак батаңыздарга арзып, Сиздердин ишеничиңиздерди актасам дейм!” – деп билдирди.
Аткаруучу: «Маалымат агенттиги Today.kg»; дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Горький кочосу 27/1. Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү. Нускасы: 1. 2020-жылдын 17-декабрь даярдалды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 17.11.2020-ж).