15:25, 20 апрель 2024 Иш

Сентябрдан бери алгач ирет коронавирустун азайганы байкалды

Сентябрдан бери алгач ирет коронавирустун азайганы байкалды — Today.kg

Өткөн жума Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДССУ) сентябрдан бери алгач ирет коронавирус аз катталган учурду белгиледи. Бул тууралуу маалымат жыйында уюмдун башкы директору Тедрос Адан Гебрейесус айтты.

Анын айтымында, буга акыркы апталарда Европада колдонулган чектөөлөрдүн жардамы тийген. Ага карабастан ДССУ башчысы бошоңдоп, жайылып кетпөөгө чакырды.

«Жетишкендикти оңой эле жоготуп алууга болот. Себеби азыр дүйнөнүн башка аймактарында вирус жугузуп алуунун, анын кесепетинде каза болуунун көрсөткүчтөрү жогору бойдон сакталып турат», — деди ал.

Гебрейесус саякаттоону токтотуп турууга, жаңы жылдык майрамдарды колдон келишинче үй шартында аз адамдын катышуусунда эле өткөрүүгө чакырды.

«Баарыбыз жакындарыбыз, досторубуз менен майрамдагыбыз келет. Бирок көпчүлүк менен болобуз деп, биз өзүбүздүн да, жакындарыбыздын да саламаттыгын тобокелдикке салбашыбыз керек», — деп белгиледи уюм жетекчиси.

Ал адамдар менен ачык жерде гана чогулууга, физикалык аралыкты сактоого, саякаттоону токтотуп турууга, мүмкүнчүлүк болсо товарды интернет аркылуу буюртма менен алып, соода борборлорунан алыс болууга, беткап тагынып, дезинфекциялык каражаттарды дайыма колдонууга чакырды.

Булак: Марал ФМ

up