03:32, 20 апрель 2024 Иш

Улуттук банк 3 млн 100 миң доллар сатты

Улуттук банк ноябрь айында сегизинчи жолу интервенция жасады. Маалыматка караганда, бул жолу валюта рыногуна 3 млн 100 миң доллар сатылды.

Сомдун курсун туруктуу сактоо максатында, ноябрь айында жалпысынан 11 млн 550 миң доллар сатылды.

Жыл башынан бери Улуттук банк 22 ирет интервенция жасады.

Кыргызстанда доллардын расмий курсу 84 сом 80 тыйын, коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 85 сомго чейин болууда.

up