10:42, 29 март 2024 Жм

Ализа Солтонбекова Эмгек жана социалдык өнүгүү министри болду

Ализа Солтонбекова Эмгек жана социалдык өнүгүү министри болду — Today.kg

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон жарлыкка ылайык, Ализа Солтонбекова Эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп дайындалды.

Жогорку Кеңеш 25-ноябрда Солтонбекованын талапкерлигин талкуулап, колдоп берген. Аны бул кызматка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков көрсөттү.

Ализа Солтонбекова 2018-жылдан бери Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары болуп иштеп келген.

Министрликти буга чейин Улукбек Кочкоров жетектеди.

up