14:34, 25 апрель 2024 Бш

Путиндин өкүлү Рушайло “Бул Конституция иштебейт” деп ошондо эле айткан, - Байсалов

Путиндин өкүлү Рушайло “Бул Конституция иштебейт” деп ошондо эле айткан, - Байсалов — Today.kg

Акыркы 10 жылдык тарыхыбызды анализдеп көрсөк, Кыргызстандагы азыркы хаостук абалдын, саясий-экономикалык туңгуюктун эң баштапкы, түпкү себеби – бир адамдын саясий амбициясына барып такалып жаткандай. Ал адам – Өмүрбек Текебаев. Туура, Өмүрбек Текебаев көрөгөч стратег, мыкты уюштургуч, харизмасы ашып-ташыган күчтүү саясатчы. Тилекке каршы, анын бул мыкты сапаттары мамлекеттин кызыкчылыгы, жалпы өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн эмес, жеке өзүнүн эгосуна арналганы Кыргызстанга кедергисин тийгизүүдө.

Мындай так кесе жыйынтык чыгарууга, бир катар аргументтерибиз себепчи болууда. Учурда коомчулукта кызуу талкууга алынып, маалымат майданында, социалдык желелерде курч талашка жем таштаган Конституциялык реформа маселесине дал ушул Өмүрбек Текебаев жана анын айланасындагы саясатчылардын айыгышкан каршылык көрсөтүп жатышы да, жөн жерден эмес.

Алар элдин аң-сезимин өтө чеберчилик менен башкарып, ким катуураак кыйкырса ошонуку чындык катары кабылдаарын эң жакшы билишет. Ошондуктан жалпы массага каяктагы Афганистан, Түркмөнстанды кайра-кайра айтып, таң аткандан күн батканча маектен маек берип отурушат.

Мисалы Садык Шер акыркы эле бир жумада бир канча алдыңкы ютуб канал, медиа борборлорго биринин артынан экинчисин улай бир эле маселени кайталап маек берүүдө. Албетте бекер эмес болсо керек. Демек, Текебаев жана анын командасынын учурдагы Конституцияны кандай да болсо сактап калуу аракети күчтүү болуп турат.

Ошол эле учурда Садыр Жапаров “7-каналга” берген маегинде: “Конституциялык кеңешме шашпай карашы керек. Бир ай болобу, эки ай болобу, аларды кууган эч ким жок. Президенттик шайлоо убагында элдин өзүнөн сурап алалы, парламенттик башкарууну каалайсыңбы же президенттик башкаруунубу? Сунуш, пикирлер болсо көчөдө кыйкырбай келгиле, айткыла, Конституциялык кеңешмеге кошулгула” деп атабыз” – деди. Кандай болгон күндө дагы акыркы сөздү 10-январь күнү эл айтат, чоң талашка чоң чекитти эл койгону турат. Ошентип талаштан тактык жаралганы жакшы эмеспи.  

Эгер “Конституциянын атасы” Өмүрбек Текебаев тууралуу мурда-кийин айтылып жүргөн пикирлер, макала, маектерге үңүлсөк, азыркыга чейин актуалдуулугун жоготпогон өтө кызык жагдайларды байкасак болот. Мисалы, Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов Текебаевдин Башмыйзамы жалгыз өзүнө ылайыкталганын мындан беш жыл мурун негиздүү кептери менен аргументтештирген экен. Анын 2015-жылы “Жаңы Орду” гезитине берген маегинен үзүндү келтирсек.

  • Азыркы Конституцияны Өмүрбек Текебаев өзү эле жалгыз жазып койгон. Азыр президент Алмазбек Атамбаев “Конституцияны карап чыгыш керек” деп айтып жатпайбы. Албетте айтат. Анткени, Конституция кабыл алынып жатканда Атамбаев келип, аны барактап, бир нерсесин чиймелеп катышканы эсимде жок. Анын баарын Текебаев НПОлорду чакырымыш болуп, маалымат каражаттарына чыгарып, өзү жазган. Ошого катышып жүргөн бир мүчөсү Токтайым Үмөталиева “Биз бекиткен документ эмес” деп кыйкырып жүрөт го. Текебаев  Отунбаеваны алдап “сиз президент болуңуз, биз шайлап беребиз” деп атабы. Ага деле Отунбаева макул болуп берди. Өмүрбек Чиркешовичтин кичинекей чагынан бери президент болом деген ою бар да. Алмазбек Атамбаев премьер-министрдин милдетин аткарчу. Ага бийликти толугу менен өткөрүп берди: “Тышкы саясатка чейин сиз чечесиз. Президент бир дагы маселеге катыша албайт” деп ишендирейин деп далай эле аракет кылды. Негизги максаты Атамбаевди “Сен премьер-министр болуп каласың. Бийликтин баардыгы сенин колуңда. Президентке кичине эле бийлик калат. Отунбаевадан кийин шайлоого сен барба. Мен эле болоюн. Сен премьер-министр болуп калып, мамлекетти башкар” деп ынандыруу болчу. Конституциянын биринчи тамгасынан баштап, акыркы тамгасына чейин ошол максатта: Атамбаевди ишендирип, президенттик шайлоого катыштырбоо үчүн жазган Текебаев. Бирок, ал ишке ашпады. Мына азыр баары урап, талкаланып, министрликтерде, Бишкектин борбордук көчөлөрүндө эле мамлекеттик бийлик болбосо, сыртында эмне болуп атканы, ким бийлеп атат, ким тартипти орнотуп жатат  эч ким билбейт. Мамлекетибиз талкаланганы Конституцияда экенинде ким танат?! Бул Конституция иштебейт, жарашпай турганына баарыбыздын эле көзүбүз жетпедиби. Партиялар ушул системада бекемдешет, өздөрү чабак курганды үйрөнүшөт, “көч бара бара түздөлөт” деген Текебаевдин сөзү калп болуп чыкпадыбы. Ошол учурда Кыргызстан менен мамилелерди өнүктүрүү боюнча Россия президентинин атайын өкүлү Рушайло келип, түптүз эле “Туугандар, биз силерди колдойбуз. Өзүңөрдүн көзүңөр жетип атабы? Бул Конституция иштебейт. Анан кандай болот?” деп айтканы эсимде. Аларда “КМШ өлкөлөрүнүн саммитине президентиңер келеби же премьер-министриңерби?” деген суроо негизги болуп атты. Биздикилер “премьер-министр барат” деген жоопту эле айтышкан. Чынында эле Конституцияга ылайык, бизде тышкы саясатты премьер-министр чечиши керек эле да. Ушул эле фактыдан азыркы Конституция иш жүзүндө аткарылбаганын билип алсак болот. Туура эмес жазылып, туура эмес кабыл алынган Конституцияны оңдошубуз зарыл. Оңдогондо да Конституцияны туура эмес жазган Текебаевсиз оңдошубуз  керек. Ал кишинин моралдык укугу жок ооз ачканга! Болбосо, коргобойт беле Конституциясын, ал бузулуп атканда акыркы үч жылда. Өмүрбек Текебаевдин Конституциясы демократияга эч кандай тиешеси жок. Кайрадан элди мамлекеттен жана бийликте алыстатты!  Азыркы парламент Акаев жана Бакиевдердин парламенттеринен дагы алсыз болуп калганынын себеби Конституцияда!

Баса, мурдагы башкы прокурор жана Конституциялык соттун экс-төрайымы Чолпон Баекова Нарын Айыпка берген маегинде “2010-жылдагы Конституция дагы өтө шашылыш кабыл алынган, жыйынтыгында, сот системасы башы жок калды, а Убактылуу өкмөт Конституциялык сотту Жогорку соттун алдындагы палатага айлантып, абийирсиздик кылышты.

Анткени, Конституциялык сот ошол убакта алардын бийликке келишинин мыйзамдуулугун карап, баа бере алмак. Конституциялык сот 2010-жылы президент канчалык деңгээлде конституциялык жактан туура шайланды дегенди да текшерүүгө укуктуу эле. Акыркы жылдары Жогорку сот да такыр башка түзүмгө айланды. Мисалы, көптөгөн чечимдер Жогорку Соттун "үчилтигинин"  - үч судьядан турган коллегиянын атынан кабыл алынат, алардын чечими андан ары арызданууга жатпайт. Алардын чечимин жокко чыгара алчу Жогорку соттун президиуму азыр жок, Жогорку соттун пленуму дагы азыр иш карабайт. А бул "үчөө" көбүнчө такыр түшүнүксүз чечимдерди кабыл алышат” –деген.
 

БАКАЙ НУРГАЗИЕВ

 

 

 

up